Иран менен Орусиянын президенттери Ашхабадда жолукту

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан жана Орусиянын лидери Владимир Путин. 11-апрель, 2024-жыл. Ашхабад.

Жакынкы Чыгышта кырдаал курчуп турганда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Ирандын лидери Масуд Пезешкиан 11-октябрда Ашхабадда жолугушту.

Алар Түркмөнстандын баш калаасына түркмөн акыны жана ойчулу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган Эл аралык форумга катышуу үчүн барышкан.

Жыйынга жалпы 10дой мамлекеттин лидерлери чогулду. Алардын арасында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана башка Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчылары бар.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Путин менен Пезешкиандын жолугушуусунун алдында эки лидер эки тараптуу алкаларды талкуулаша турганын, "Жакынкы Чыгыштагы кырдаал, албетте четке кагылбай, күн тартибинде болорун" билдирген.

Бул Пезешкиан 30-июлда президенттик кызматка киришкени Путин менен болгон алгачкы жолугушуусу. Эки лидер 22-24-октябрда Казан шаарында өтө турган БРИКС уюмунун саммитинде да жолугары күтүлүп жатат.

Москва менен Тегерандын алакасы Орусия Украинага 2022-жылдын февраль айында согуш ачкандан бери бекемделди.

Согуштун алгачкы айларынан бери Орусия Иранда өндүрүлгөн Shahed жана Mohajer-6 дрондорун колдонгону кабарланган. Алардын сыныктары украин калааларында жана согуш талааларында бир нече ирет табылган.

Айныксыз далилдерге карабастан Иран дрондорун Орусия Украианга каршы колдонуп жатканын караманча четке кагып келет. Өткөн айда АКШ жана Европа мамлекеттери Иранды Орусияга ракета жеткиргени үчүн айыпташкан.

Дагы караңыз

Пакистанда куралдуу жоочулардын кол салуусунан 20дан ашуун шахтачы мүрт кеттиНобелдин Тынчтык сыйлыгы жапониялык уюмга "өзөктүк куралсыз дүйнөгө" жетүүгө жасаган аракети үчүн ыйгарылдыМашинени сатканда анын ээси же кардар гана ОСАГО полисин алат