Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:14

Машинени сатканда анын ээси же кардар гана ОСАГО полисин алат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда автоунаанын ээси алмашканда анын жаңы ээси машиненин камсыздандыруу тууралуу документин - ОСАГО полисин өзүнө каттатып алууга уруксат берилди. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтомуна өзгөртүү киргизилди.

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын (Финкөзөмөл) жетекчиси Марат Бирназаров 11-октябрда Жогорку Кеңештин “Элдик” депутаттык тобу жана “Альянс” фракциясынын биргелешкен жыйынында 8-октябрдан баштап эки адамдын биринде ОСАГО полиси болсо автоунааны кайра каттоого уруксат берилгенин айтты.

Кыргызстанда 1-сентябрдан баштап автоунааны кайра каттоо жана мамлекеттик белгилерин калыбына келтирүүдө жарандардан ОСАГО полиси милдеттүү түрдө талап кылына баштаган. Ага ылайык, автоунааны сатып алып жаткан жана анын ээси да ОСАГО полисин алууга милдеттүү болчу. Башкача айтканда бир машинеге эки жолу ОСАГО полиси алынып жаткан. Айдоочулар буга нааразылыгын билдиришкен.

2025-жылдан тарта автоунаасына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу (ЖЖМК орусчасы - ОСАГО) полисин албаган жеке жактарга 3 миң, юридикалык жактарга 13 миң сом айып пул салынат.

Жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу (ЖЖМК) полисин берүү лицензиясы 13 ишканада бар. (BTo)

XS
SM
MD
LG