Министрлик күчтүү таасир этүүчү дарыларды мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталганын билдирди

Сүрөт Саламаттык сактоо министрлигинен алынды.

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги Ош базарында таасири күчтүү дарыларды мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталганын билдирди. Мекеменин 11-октябрдагы маалыматында, Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин адистери Ленин милициясы менен биргеликте өспүрүмдөр арасындагы “дары колдонгон баңгиликти” алдын алуу максатында текшерүү иштерин жүргүзгөн.

Маалыматка караганда, мыйзамсыз дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды саткан ишкерлердин бири бычак менен департаменттин кызматкерлерине кол салган. Бул окуяга байланыштуу департаменттин өкүлдөрү чара көрүүнү өтүнүп милицияга арыз жазышкан.

Милиция сатуучу колдонгон бычак менен кошо 20 флакон "Тропикамид", бул каражаттын колдонулган 94 кутусун, 140 таблетка "Триган-Д" жана анын колдонулган 300 кутучасын, “Мидакстын" 20 кутусун алышкан.

Департаменттин Фармацевтикалык инспекция бөлүмү мыйзамга ылайык протокол түзүп, жеке жакка жалпы суммасы 17,5 миң сомдү түзгөн 2 айып пул салды.

Рейддин жыйынтыгында экспертиза дайындалат жана мыйзамга ылайык чаралар көрүлөрү белгиленген.

Соңку маалда мектеп окуучулары, жаштар арасында "дары колдонгон баңгилик" тымызын кулач жая баштаганын адистер эскертип келет. Ата-энелердин айрымдары өспүрүмдөр маңзат ордуна дары-дармекти оңой-олтоң эле сатып алып жатканын айтып коңгуроо кагууда.

Улуттук статистика комитети 2020-жылы өлкөдө маңзатка көз каранды 8,5 миң киши бар деп эсептеген. Адистер таблеткага көз карандылардын көпчүлүгү баш калаа Бишкек, Чүй облусунун мектеп окуучулары арасында болуп жатканын билдирүүдө.

"Сорос Кыргызстан" фонду 2019-жылы изилдөө жүргүзүп, өлкөдөгү маңзатка көз карандылардын саны расмий эсептелген статистикадан бир нече эсе жогору болушу мүмкүн деп божомолдогон. Алардын дээрлик 65% 24 жашка чейинки жаштар экени изилдөөдө белгиленген. (КЕ)

Дагы караңыз

Пакистанда куралдуу жоочулардын кол салуусунан 20дан ашуун шахтачы мүрт кеттиНобелдин Тынчтык сыйлыгы жапониялык уюмга "өзөктүк куралсыз дүйнөгө" жетүүгө жасаган аракети үчүн ыйгарылдыМашинени сатканда анын ээси же кардар гана ОСАГО полисин алатПрезидент Жапаров мэриянын жол кирени көтөрүү сунушуна байланыштуу пикирин билдирди