Туманбаев “Фламинго” паркынын жери мамлекетке алынганын айтты

“Фламинго” паркы.

Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Бишкектеги “Фламинго” паркынын жери мамлекетке алынганын жана анын ордуна чет өлкөлүк конокторду кабыл алып, жыйындарды өткөрө турган имарат салынарын айтты. Бул тууралуу “Кабар” улуттук маалымат агенттиги жазды.

Агенттиктин сайтындагы маалыматка караганда, 1997-жылы “Бишкек” эркин экономикалык аймагы “Фламинго” жайгашкан жерди “Борбор Азия корпорациясы” ишканасына 93 жылга ижарага берген. Компания жерди кайра үчүнчү жактарга ижарага берип жиберген.

Каныбек Туманбаевдин сөзү боюнча, “Борбор Азия корпорациясы” башта 24 гектар жерди ижарага алган. Анын 13 гектары мамлекетке кайтарылды. “Кабар” бул жерге 2026-жылы Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчылары жолугуша турган конгресс-холл куруу пландалып жатканын билдирди.

“Фламинго” паркы шаардын түштүк тарабындагы жаңы курулган “Ынтымак ордо” президенттик администрациясынын жанында жайгашкан.

“Борбор Азия корпорациясы” ишканасы азырынча комментарий бере элек. Ачык булактарда компания 1995-жылы каттоодон өткөнү жана жетекчиси Казаков Данияр Болушевич экени көрсөтүлгөн. (BTo)

Дагы караңыз

Казакстанда АЭС боюнча сурамжылоо жүргүзгөн басылмага айып пул салынды Америкада "Милтон" бороону 10дон ашуун адамдын өмүрүн алдыМашинени сатканда анын ээси же кардар гана ОСАГО полисин алатТИМ "Милтон" бороонунан жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирдиПакистанда куралдуу жоочулардын кол салуусунан 20дан ашуун шахтачы мүрт кеттиОрус армиясынын соккусунан Одессада төрт киши набыт болдуДСУ: Кыргызстанда психикалык саламаттыгы жабыркагандар калктын 11% түзөтАба ырайы кескин өзгөрөт