Машинени сатканда анын ээси же кардар гана ОСАГО полисин алат

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда автоунаанын ээси алмашканда анын жаңы ээси машиненин камсыздандыруу тууралуу документин - ОСАГО полисин өзүнө каттатып алууга уруксат берилди. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтомуна өзгөртүү киргизилди.

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын (Финкөзөмөл) жетекчиси Марат Бирназаров 11-октябрда Жогорку Кеңештин “Элдик” депутаттык тобу жана “Альянс” фракциясынын биргелешкен жыйынында 8-октябрдан баштап эки адамдын биринде ОСАГО полиси болсо автоунааны кайра каттоого уруксат берилгенин айтты.

Кыргызстанда 1-сентябрдан баштап автоунааны кайра каттоо жана мамлекеттик белгилерин калыбына келтирүүдө жарандардан ОСАГО полиси милдеттүү түрдө талап кылына баштаган. Ага ылайык, автоунааны сатып алып жаткан жана анын ээси да ОСАГО полисин алууга милдеттүү болчу. Башкача айтканда бир машинеге эки жолу ОСАГО полиси алынып жаткан. Айдоочулар буга нааразылыгын билдиришкен.

2025-жылдан тарта автоунаасына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу (ЖЖМК орусчасы - ОСАГО) полисин албаган жеке жактарга 3 миң, юридикалык жактарга 13 миң сом айып пул салынат.

Жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу (ЖЖМК) полисин берүү лицензиясы 13 ишканада бар. (BTo)

Дагы караңыз

ТИМ "Милтон" бороонунан жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирдиПакистанда куралдуу жоочулардын кол салуусунан 20дан ашуун шахтачы мүрт кеттиАмерикада "Милтон" бороону 10дон ашуун адамдын өмүрүн алдыОрус армиясынын соккусунан Одессада төрт киши набыт болдуДСУ: Кыргызстанда психикалык саламаттыгы жабыркагандар калктын 11% түзөтБир аптада сасык тумоо менен 4,6 миңден ашуун адам кайрылды, анын 66% балдар"Сосновка", "Кара-Көлдө" кышка даяр эмес унаалар артка кайтарылуудаКыргызстанда орточо айлык акы 35 миң 650 сом деп эсептелди Кемпир-Абад иши боюнча сот отуруму 18-октябрга жылдырылды