Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:22

Кыргызстанда орточо айлык акы 35 миң 650 сом деп эсептелди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда быйыл январь-август айларында бир кызматкердин орточо айлык акысы 35 миң 653 сомду түзүп, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,4% көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

2024-жылдын январь-сентябрь айларында ички дүң өнүм (ИДӨ) 952 млрд сомго жакындап, 2023-жылдын ушул айларына караганда 8,4% көп болду. Быйыл 9 айда өнөр жай продукциясынын көлөмү 394 млрд сомду түздү.

Кыргызтандын 2024-жылдагы бюджетинин кирешеси 378 млрд 437 млн сом, чыгашасы 367 млрд 500 млн сом деп бекитилген. Республикалык бюджеттин профицити 10 млрд 900 млн сом болот деп болжолдонууда.

Өлкөдө орточо айлыктын көрсөткүчү боюнча коомчулукта ар кандай талаш-тартыш болуп келет. Айрымдар орточо эмгек маяна 35 миң сомго жетпей турганын айтышат. (BTo)

XS
SM
MD
LG