Аба ырайы кескин өзгөрөт

Шашылыш эскертүү

12-октябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Айрым аймактарда жаан катуу жаашы мүмкүн. Ош, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. 13-октябрда айрым жерлерде жаан-чачын жаап, абанын температурасы төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

14-16-октябрларда туруксуз аба-ырайы сакталып турат. Мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. 16-октябрда абанын температурасы төмөндөйт.

12-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ыссык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Күндүз Чүй, Ыссык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 12…17,

Талас жергесинде түнкүсүн 2…7, күндүз 11…16,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 10…15, күндүз 18…23,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5…10, күндүз 12…17,

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6 градус болот.

Бишкекте мезгил мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10°, күндүз 14…16° болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Дагы караңыз

Бир аптада сасык тумоо менен 4,6 миңден ашуун адам кайрылды, анын 66% балдар"Сосновка", "Кара-Көлдө" кышка даяр эмес унаалар артка кайтарылуудаКыргызстанда орточо айлык акы 35 миң 650 сом деп эсептелди Кемпир-Абад иши боюнча сот отуруму 18-октябрга жылдырылды