Бир аптада сасык тумоо менен 4,6 миңден ашуун адам кайрылды, анын 66% балдар

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар көбөйгөнүн Саламаттык сактоо министрлиги 11-октябрда билдирди. Маалыматка ылайык, соңку бир жумада тумоолоп дарыгерге кайрылгандардын саны 4663 адамга жетти. Бул ага чейинки аптага салыштырганда көбүрөөк. Ооруга чалдыккандардын 66,7 пайызы 14 жашка чейинки балдар.

Бул аптада коронавирустун үч учуру катталды. Бири Бишкектеги, эки киши Оштогу ооруканаларга кайрылган. Мекеменин маалыматына караганда, сасык тумоонун оор өтүшүн алдын алуу максатында тобокелдик топторуна кирген жарандар үчүн (өнөкөт оорулары бар адамдар, тез-тез ооруган балдар, кош бойлуу аялдар, 65 жаштан жогорку адамдар жана медицина кызматкерлери) гриппке каршы 67 миң доза вакцина сатып алынган. Эмдөө Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда жакынкы күндөрү башталат, биринчи кезекте тобокелдик топторуна кирген адамдар үчүн бекер жасалат.

Сасык тумоого каршы эмдөө алууну каалагандар жеке менчик медициналык борборлордон акча төлөп алса болору белгиленген.

Адатта аба ырайы өзгөрүп, күн сууктаганы сасык тумоо, курч респиратордук вирустук инфекциялар күчөйт. (КЕ)

Дагы караңыз

"Сосновка", "Кара-Көлдө" кышка даяр эмес унаалар артка кайтарылуудаКыргызстанда орточо айлык акы 35 миң 650 сом деп эсептелди Кемпир-Абад иши боюнча сот отуруму 18-октябрга жылдырылдыБишкекте ок атуудан каза болгон Ырсалиев абактан 4-октябрда чыкканы белгилүү болду