"Сосновка", "Кара-Көлдө" кышка даяр эмес унаалар артка кайтарылууда

Төө-Ашуу ашуусу. Иллюстрациялык сүрөт.

"Сосновка" жана "Кара-Көл" пунктарында унаалардын кышка даярдыгы текшерилип, талапка жооп бербегендер артка кайтарылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлиги эскертүүдө. Аталган мекеме өлкөдөгү туруксуз аба ырайына жана күз-кыш мезгилине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерине байланыштуу тоолуу аймактарга жол тарткан айдоочуларга унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

Транспорт министрлиги Өтмөк ашуусуна 6-7 см кар жаагынын белгилеп, айдоочуларды 500 метр аралыкты сактоого чакырды.

Кыргызгидромет борбору 12-октябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрө турганын, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаай турганын билдирген. (КЕ)

Дагы караңыз

Кыргызстанда орточо айлык акы 35 миң 650 сом деп эсептелди Кемпир-Абад иши боюнча сот отуруму 18-октябрга жылдырылдыБишкекте ок атуудан каза болгон Ырсалиев абактан 4-октябрда чыкканы белгилүү болдуДСУ: Кыргызстанда психикалык саламаттыгы жабыркагандар калктын 11% түзөт