Бишкек милициясы адам өлүмү менен аяктаган окуянын чоо-жайын териштирип жатат. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлап, окуя бүгүн 10-октябрда болгонун билдирди.
«Бүгүн Бишкекте мурдагы бизнес өнөктөштөр ортосундагы жаңжал өлүм менен аяктады. Бир киши каза болду, экөө жараат алды. Кененирээк маалымат кийинчерээк берилет», - деп айтылды мекеменин билдирүүсүндө.
Окуя 7-кичи райондо болгону, ок атылганын уккандар бар экени кабарланууда.
Дагы караңыз
10-октябрь: Эки журналист абакка кесилди, Адабият боюнча Нобел сыйлыгы Хан Ганга ыйгарылдыОрусия Борбор Азияда АЭС курууга эмне үчүн кызыгат? АКШ: "Милтон" бороонунан улам эки миллиондой киши коопсуз жакка кетти АКШ менен Британиянын элчиликтери журналисттерге чыккан өкүмгө тынчсыздануусун билдирди