Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:32

АКШ менен Британиянын элчиликтери журналисттерге чыккан өкүмгө тынчсыздануусун билдирди


Журналисттер Айке Бейшекеева, Актилек Капаров, Азамат Ишенбеков жана Махабат Тажибек кызы. 10-октябрь, 2024-жыл. Коллаж.
Журналисттер Айке Бейшекеева, Актилек Капаров, Азамат Ишенбеков жана Махабат Тажибек кызы. 10-октябрь, 2024-жыл. Коллаж.

АКШ менен Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиликтери журналисттер Махабат Тажибек кызы менен Азамат Ишенбековдун абакка кесилиши жана Актилек Капаров менен Айке Бейшекееванын пробациялык жазага тартылышына тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу эки өлкөнүн элчиликтеринин биргелешкен билдирүүсүндө айтылат.

“Бул иш боюнча башка жети медиа кызматкеринин акталышын кубаттап, ошону менен бирге журналисттер өз ишин аткарганы үчүн эч качан жазаланбашы керектигин белгилейбиз. Тилекке каршы, бул Кыргыз Республикасында маалымат эркиндигинин кысылып жаткандыгынын белгилеринин бири сыяктуу көрүнүүдө”, - деп айтылат Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилигинин X (мурдагы Twitter) социалдык тармактагы баракчасына чыккан билдирүүсүндө.

Эки өлкөнүн элчиликтеринин тынчсыздануусуна Кыргызстандын кайсы бир мамлекеттик мекемелери же бийлик өкүлдөрү комментарий бере элек.

Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кести. Алардын адвокаты кийинки инстанцияга арыз берерин билдирди.

“Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаровго жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза берилди. Эки журналист сот залынан бошотулду.

Temirov Live редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулу, Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков, “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана “ПолитКлиниканын” журналисти Тыныстан Асыпбековдун аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде акталды.

11 журналистке Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси – “Массалык башаламандыктар” менен айып тагылган.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. ИИМ журналисттерге “Айт, айт десе” жана Temirov Live баракчаларындагы материалдарга байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирген.

Иш козголгон журналисттер коюлган айыпты четке кагышкан. Бир катар эл аралык уюмдар журналисттердин кармалышын айыптап, бийликти аларга козголгон кылмыш иштерин токтотууга чакырышкан.

Кармалгандан тартып Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбеков, Актилек Капаров, Айке Бейшекеева Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта камакта болчу. Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева соттун чечиминен кийин бошотулду. Калган жетөө ар кандай жагдайда эркиндикке чыккан.

Кыргыз бийлиги Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин билдирип, өлкөдөгү мыйзамсыздык, коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелеген журналисттик иликтөөлөрдү колдой турганын билдирип келет. (BTo)

XS
SM
MD
LG