CPJ уюму Кыргызстанда журналисттерди соттогон чечимди айыптады

Тогуз айга чукул сурак берип, сот жообуна тартылган журналисттер

"Журналисттерди коргоо комитети" (The Committee to Protect Journalists - CPJ) эл аралык уюму 10-октябрда Кыргызстанда журналисттер сот жообуна тартылган чечимди айыптады.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто турган уюм Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорлорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы жана “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков сот өкүмүнө каршы шаардык сотко апелляция жазууну көздөп жатышканын, кыргыз бийлиги алардын арызын четке какпашы керектигин белгилейт. Эл аралык уюм башка журналисттерге тагылган чектөөлөрдүн баарын алып салууга үндөдү.

«Жемкорлукка каршы күрөшүп келген эки журналистти узак мөөнөткө абакка кескен өкүм чыгаруу менен Кыргызстан Борбор Азиядагы сөз эркиндиги салыштырмалуу эркин өлкө деген атын жоготуп, өз тарыхынын жаңы караңгы барагын ачты», — деди CPJ уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча программаларынын координатору Гүлноза Саид.

Ал эл аралык өнөктөштөр Кыргызстандын өкмөтүнө сөз эркиндигине каршы чабуулдарын токтотуусу үчүн басым көрсөтүшү зарыл экенин белгиледи.

Бийликти сындаган материалдарды жарыялап келген Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорлорунда иштеген, жетектеген жана кызматташкан 11 журналист жана активист быйыл январь айында кармалган.

10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту Махабат Тажибек кызын алты жылга жана Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кести. Айке Бейшекеева менен Актилек Капаров үч жылга шарттуу соттолуп, камактан бошотулду. Сапар Акунбеков, Сайпидин Султаналиев, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу, Жоодар Бузумов, Жумабек Турдалиев жана Акыл Орозбеков күнөөсү жок деп табылды.

Сот өкүмүндө күнөөлүү деп табылгандар “видеоматериалдарында бийликти жаманатты кылып”, “жапырт башаламандыкка кыйыр түрдө үндөгөнү” айтылды.

Адвокаттар сот ошол видеолорду талдоо үчүн мамлекет жалдаган лингвист адистер менен саясат талдоочулар чыгарган “негизсиз бүтүмгө” таянганын белгилешти.

Temirov Live каналынын негиздөөчүсү Болот Темиров соттун чечими менен эки жыл мурда өлкөдөн чыгарылган. Ал коррупция, анын ичинде президент Садыр Жапаров аралашкан болушу ыктымалдыгы тууралуу иликтөөлөрү үчүн бийлик өч алып жаткан болушу мүмкүн экенин айткан. CPJ уюму бүгүнкү билдирүүсүндө “Жапаров 2020-жылы бийликке келгенден бери кыргыз бийлиги көз каранды эмес журналистикага карата мурда болуп көрбөгөндөй куугунтук баштады” деп жазды.

Президент Садыр Жапаров өткөн айда “Кабар" агенттигине курган маегинде Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин белгилеген. 11 журналисттин иши боюнча "... Аларга тигилер анча-мынча акча төлөп коюп, социалдык түйүндөргө отургузуп алышып жалган маалыматтарды, элди дүрбөлөңгө чакырган жасалма материалдарды тараттырып атышканын кантип танышат", - деп айткан Жапаров.

Temirov Live “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө” глобалдык долбоорунун (OCCRP) Кыргызстандагы өнөктөшү. (RK)

Дагы караңыз

Орусия Борбор Азияда АЭС курууга эмне үчүн кызыгат? АКШ: "Милтон" бороонунан улам эки миллиондой киши коопсуз жакка кетти АКШ менен Британиянын элчиликтери журналисттерге чыккан өкүмгө тынчсыздануусун билдирдиУрсула фон дер Ляйен Молдованын орду Евробиримдикте экенин айтты