Асел Ногойбаевага Москвада операция жасалат

Асел Ногойбаева.

Мурдагы күйөөсүнөн зомбулук көрүп, кулак-мурду кесилген Асел Ногойбаевага биринчи коррекциялык операция Орусияда жасалат. Ал 9-октябрда Москвага учуп кеткенин адвокат Индира Саутова "Азаттыкка" ырастады. Маалыматка караганда, Москвада анын мурдуна операция жасалат. Ногойбаеваны агасы коштоп жүрөт.

Жактоочунун белгилешинче, Асел Ногойбаеванын жүзүндө өзгөрүү болгондуктан, чек арадан өтүүдө кыйынчылыктар жаралган. Маселени чечүүгө Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жардам берген.

Буга чейин кыргызстандык дарыгерлер Асел Ногойбаевага бир нече этап менен операция жасалышы керектигин билдиришкен.

2023-жылы 20-сентябрда Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган 36 жаштагы Асел Ногойбаева кабылган окуя коомчулуктун үрөйүн учурган. Асел буга чейин зомбулук көрүп, милицияга бир нече жолу кайрылган. Кийин ага беш жолу коргоо ордери берилип, райондук сот пробация менен шектүүнү чыгарганы белгилүү болгон.

Сокулук райондук сотунун судьясы Кыялбек Токтомаматов Эстебесовду окуя болгонго чейин “Зордуктоо” беренеси менен айыптуу деп таап, бирок пробациялык жаза чегерип койгону аныкталган. Чуулгандуу ишти караган сот кызматтан алынып, апелляциялык арызды караган үч судьяга сөгүш берилген.

26-январда Чүй облусунун Сокулук райондук соту Асел Ногойбаевага зомбулук көрсөтүп, кулак-мурдун кескен Азамат Эстебесовду 20 жылга абакка кескен. Ошондой эле аны жабырлануучуга 2 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

23-январда Кыргызстанда зордуктоого айыпталгандарга козголгон кылмыш иши кыскарбай турган мыйзам күчүнө кирди. Мыйзамга ылайык, оор кылмыштар болгондо (анын ичинде зордуктоо фактысы боюнча) тараптардын жарашып алуусу кылмыш ишин жана тергөөнү токтото албайт. (КЕ)

Дагы караңыз

Украинада ракета соккусунан жети кишинин өмүрү кыйылдыАКШга студенттик визанын мөөнөтүн беш жылга узартуу сунушталдыМиң-Кушта “Как” жана “Талды-Булактан” уран калдыктары ташылып бүттүНобелдин химия боюнча сыйлыгы белокту изилдеген окумуштууларга ыйгарылды