"Бир мектептен 40тан ашык мугалим иштен кетти". Билим берүүдөгү реформадан чыккан талкуу

Бишкектеги мектептердин бириндеги жеткинчектер. 1-сентябрдагы жаңы окуу жылы башталганда тартылган сүрөт. Макалага тиешеси жок, иллюстрация үчүн колдонулду.

Билим берүү жана илим министрлиги Бишкектеги №69 жалпы билим берүү мектебинде 2-сентябрдан тарта ийрим иштеринин 34 жетекчиси жана тогуз мугалим өз каалоосу менен иштен кеткенин ырастады. Бирок мектеп учурда штаттык режимде иштеп жатканы жана бош кызмат орундар жок экенин билдирүүдө.

Буга чейин министрлик Бишкектеги айрым мектептерде мугалимдердин жумуштан кетип жатышын андагы "гимназия" макамынын алынышы менен байланыштырган эле.

№69 мектептин мугалимдери эмнеге жапырт иштен кетти?

Бишкектеги Ак-Өргө конушунун тургуну Жанаранын эки баласы №69 мектеп гимназияда окуйт. Ал быйыл мектептен гимназия макамы алынып, мугалимдердин жапырт иштен бошоп кетени тууралуу ата-энелердин ватсап тайпаларында тынчсызданган талкуулар болуп жатканын айтууда .

"Балдарым чет тилдерин жакшы окуп аткан. Сабагы да, сабактан тышкары ийримдери да бар болчу экен. Кадимкидей сүйлөп калышты. Быйылкы реформадан кийин гимназия болбой калды деп, ошол чет тил жана так илимдерди кошумча үйрөткөн мугалимдер кетип жатышыптыр. Классыбызда балдарыбыздын билими кандай болот деп тынчсыздангандар көп. Мен дагы учурда азыр балдарымды бул мектепте калтырышты же башка мектепке алып кетишти билбей турам".

Кыргызстанда мектептердин гимназия-лицей макамынан ажыраткан реформага байланыштуу Бишкектеги №69 мектептен быйыл 40 мугалим бошонуп кеткени тууралуу маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлдү. Парламент депутаты Аида Исатбек кызы гимназия макамы алынып, ийримдерге бөлүнчү каражаттардын берилбей калганынан улам мыкты мугалимдер менчик мектептерге кетип жатканын айтып чыкты.

Аида Исатбек кызы

"Бул реформа менен биз өзүбүздүн мамлекеттик мектептердеги билим берүүнү түп тамыры менен жок кылып атабыз. Андагы мүмкүнчүлүк-шарттарды ошол менчик мектептерге берип койдуңуздар. Сиздер теңдейбиз деп атып, тескерисинче жогоркуларды төмөнкүлөргө теңеп жатасыздар. Көп жыл бою негизделип, ийгилик жаратып жатканды неге бузуп жатасыңар?".

Бишкектеги №69 жалпы билим берүү мектебинде мугалимдердин иштен кетиши боюнча Билим берүү жана илим министрлиги дагы түшүндүрмө таратты.

Анда 2-сентябрдан тарта аталган мектептин ийрим иштеринин 34 жетекчиси жана тогуз мугалим өз каалоосу менен иштен бошогонун, бирок билим берүү үзгүлтүккө учурабаганын, бош кызмат орундар жок экенин билдирди.

Дагы караңыз Министрлик мугалимдердин жапырт иштен кетиши боюнча маалымат берди

Аталган мектептин директору Сайрагүл Атаева учурда мектепте мугалимге муктаждык жок деп айтууда. Бирок тажрыйбалуу, алдыңкы мугалимдер иштен өз арызы менен кеткенин ырастады:

Сайрагүл Атаева.

"Биздин мектеп кыргыз тилинде билим бергендиктен, мугалимдердин ордун толуктоо кыйын болгон жок. Азыр мугалимдер жетиштүү. Бирок тажрыйбалуу, мыкты мугалимдер, мурда бизде гимназия макамы болгону үчүн иштеп жаткан көптөгөн ийримдердин жетекчилери кетишти. Бул чындык. Немис, кытай, корей тилдерин тереңдетип үйрөткөн сабактарды биз гимназиялык компонент аркылуу иштетчүбүз. Азыр эми мамлекеттик компонентке кирбегени үчүн, ал сабактардын сааты кыскарды. Эми мурдагыдай жетишкендиктерге жетишибизге көзүм жетпейт. Азыр ата-энелер тарабынан акы төлөнүүчү кошумча сабактар компоненти калтырылды. Бирок анын өлчөмү да азыраак, мурунку эки сабак үчүн алынган акыга 3-4 сабак өтүүгө туура келип калат. Мурдагы ийримдин ставкасы менен 60тан ашуун мугалим иштечү, азыр эми он чактысын гана ата-энелердин күчү менен алып калдык".

Сайрагүл Атаева мектептерден гимназия, лицей макамдарын алуу же мектептерди теңдештирүү мыйзамын кайра карап чыгып, 30 жылдан бери жакшы иштеп келе жаткан гимназия, лицейлердин макамын сактап калуу аракетин көрүлсө жакшы болмок деген оюн кошумчалады.

"Мектептердин деңгээли теңделиши керек"

Министрлер кабинети 2024-2025-жаңы окуу жылына карата Кыргызстанда билим берүү системасына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча токтому менен мектеп-гимназия жана мектеп-лицейлерди жалпы билим берүүчү мектеп деп өзгөрткөн.

Өзгөртүүлөр Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарынын ишин тартипке келтирүү жана бардык мектептердин окуучулары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү максатын көздөй турганы айтылган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Түйшүгү түмөн мугалим

Бул токтомго ылайык жана ошондой эле лицензиясынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу Бишкектеги 11 мектептин гимназия, лицей макамы быйыл июлда алынган.

Учурда дагы 27 мектептин макамы аягына чыга элек. Билим берүү жана илим министрлиги бул мектептердин айрымдарын президенттин алдындагы "Акылман" лицейинин прототиби катары жер-жерлерде сактап калуу сунушталып жатканын билдирүүдө.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, билим берүү жаатында эксперт Абдувахаб Нурбаев мектептерден гимназия, лицей макамдарын алуу чечимин колдогондордун бири.

Абдувахаб Нурбаев.

"Гимназия, лицейлердин дээрлик 80% Бишкек жана Ош шаарларында. Бул мектептерди каржылоо үчүн Нарын, Баткен сыяктуу алыскы аймактардан салык алынат. Жакшы окуган 2-3% бала алыскы аймактабы, "Акылман" лицейиндеби, кандай шартта болсо да окуп, өзүн көрсөтүп кете алат. Ошондуктан, билим деңгээлин көтөрөбүз десек, биринчи ошол алыскы аймактардагы, чек арадагы шарты жок, начар мектептерде шарттарды түзүп, мугалимдердин айлыктарын көп коюп берип, "мына эми балдарды окутуп бер" деш керек. Учурдун эң башкы маселеси - мугалимдердин айлык акысы. Бир ставка үчүн 17 миң сом экен, мугалим 1,5 ставкадан ашык иштей албайт. Бул деген бүгүнкү күнү мугалимдин айлыгы орточо айлыкка да жетпей турганын көрсөтүп турат".

Ушул тапта жалпы Кыргызстанда 300дөн ашуун мектептин лицей, гимназия макамы бар. Анын 37си Бишкекте.

1-сентябрга карата Бишкектеги 11 мектептин гимназия, лицей жана автордук макамдары алынган. Дагы 26сы лицензиясынын мөөнөтү аяктаганда макамы алынат.