Нобелдин химия боюнча сыйлыгы белокту изилдеген окумуштууларга ыйгарылды

Нобелдин химия боюнча сыйлыгы быйыл АКШдан Дэвид Бейкерге жана Улуу Британиядан Демис Хассабис менен Дон Жамперге ыйгарылды. Бул тууралуу 9-октябрда Нобел комитети жарыялады.

Бейкерге сыйлык белоктун компьютердик дизайнын ойлоп тапканы үчүн берилди. Анын бул эмгеги таптакыр жаңы белокторду иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Илимий топ менен бирге чогуу жасаган белокторду дары, вакцина, наноматериал жана микроскопиялык сенсор катары колдонсо болот.

Google DeepMind компаниясында иштеген Хассабис менен Жампер илимге белгилүү болгон 200 миллиондой белоктун түзүлүшүн жасалма интеллекттин жардамы менен изилдеп чыкса болорун далилдей алышкан. Нобел комитети белгилегендей, мындай ачылыш медицина, фармацевтика жана биотехнология тармагын өркүндөтүүгө, антибиотиктин күчү кандай учурда жетишсиз болуп каларын түшүнүүгө, пластикти жараксыз абалга келтире алуучу ферменттердин моделин иштеп чыгууга жардам берет.

8-октябрда Нобелдин физика боюнча сыйлыгы америкалык окумуштуу Жон Хопфилдге жана канадалык изилдөөчү Жеффри Хинтонго техниканы жасалма нейротүйүндүн жардамы менен үйрөтүү жана башкаруу жаатындагы ачылыштары жана ойлоп табуулары үчүн тапшырылган. Хопфилд сүрөт жана башка маалыматтарды сактап, өзгөртө ала турган түйүндү ойлоп таап, Хинтон ошол сүрөттүн негизинде кайсы бир конкреттүү элементтерди аныктоо жолун ача алган.

7-октябрда Нобелдин физиология жана медицина боюнча сыйлыгын микроРНКны ачып, изилдей алган америкалык окумуштуулар Виктор Эмброс жана Гэри Равкан алганы белгилүү болгон.

Бүгүн 10-октябрда Адабият сыйлыгынын лауреаттары аталат.

Нобел сыйлыгына татыгандарга алтын медал, диплом жана 11 миллион швед крону өлчөмүндөгү (быйыл бул сумма 1,1 миллион долларга барабар) акчалай сыйлык тапшырылат. (RK)

Дагы караңыз

Ардагер балбан Изабеков Дүйнө чемпионатында күмүш медал алды“Милтон” бороону өзгөчө кооптуу бойдон калуудаСот жети журналистти актап, экөөнө пробациялык жаза бердиДастан Бекешев журналисттердин соттолушу сөз эркиндигине басым экенин айтты