АКШга студенттик визанын мөөнөтүн беш жылга узартуу сунушталды

Дональд Лу жана Бакыт Аманбаев.

Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчиси Бакыт Аманбаев 9-октябрда Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча жардамчысы Дональд Лу менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, жолугушуу учурунда эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтык маселелери талкууланды.

Элчи Бакыт Аманбаев кыргыз студенттери үчүн Америка визасынын мөөнөтүн бир жылдан беш жылга узартуу, кыргыз жана америка банктарынын ортосунда корреспонденттик эсептерди ачууга көмөктөшүү жана кыргызстандык жүк ташуучу автоунаа айдоочуларын жана медайымдарды АКШга убактылуу жумушка тартуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу маселесин көтөрдү.

Элчи эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелерди бекемдөө боюнча өз сунуштарын айтты.

Дональд Лу кыргыз студенттери үчүн виза мөөнөтүн узартуу сунушун колдоп, бул маселени ишке ашырууга байланыштуу конкреттүү сунуштарын берди. Америкалык тарап ошондой эле эки жана көп тараптуу кызматташтыкты жакшыртуу боюнча өз ойлорун ортого салды.

Жолугушуу жыйынтыгында тараптар келечекте өз ара пайдалуу кызматташтыкты камсыздоо үчүн биргелешкен аракеттерди көрүү боюнча макулдашты.

АКШ 4-марттан тарта Кыргызстандын жарандарына берилүүчү туристтик жана ишкерлик визанын мөөнөтүн беш жылдан 10 жылга узарткан.

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги быйыл февралга карата АКШда 36 миң кыргызстандык жашап, иштеп жатканын билдирген. (КЕ)

Дагы караңыз

Ардагер балбан Изабеков Дүйнө чемпионатында күмүш медал алды“Милтон” бороону өзгөчө кооптуу бойдон калуудаСот жети журналистти актап, экөөнө пробациялык жаза бердиСот Махабат Тажибек кызынын уулун камкордукка алуу маселесин чечүүнү тапшырды