Судьялар кеңеши Базарбековдун кызматтан кетүү тууралуу арызын канааттандырды

Замирбек Базарбеков.

Судьялар кеңеши Замирбек Базарбековду Жогорку соттун төрагасы кызматынан бошотуу жана судьялык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунушту президент Садыр Жапаровго жөнөттү. Бул тууралуу аталган кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Базарбековдун арызы 9-октябрда каралып, канааттандырылган.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы кечээ, 9-октябрда белгилүү болгон. Анын арызын парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети карап, ордуна жаңы талапкер сунуштала турганын “Азаттыктын” булактары билдирген. Төрагалыкка ким сунушталып жатканы азырынча белгисиз.

67 жаштагы Замирбек Базарбеков 2022-жылы февраль айында Жогорку соттун төрагасы болуп дайындалган. Ага чейин 2020-жылдын аягында президенттик аппараттын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчылыгына дайындалып, 2021-жылы июнь айында Жогорку соттун судьясы кызматына келген.

Замирбек Базарбеков 2016-жылдан кийин азыркы президент Садыр Жапаров оппозицияда жүргөн тушта анын адвокаты болгон. (КЕ)

Дагы караңыз

9-октябрь: Базарбеков кызматтан кетүүгө арыз жазды, Ливанда 2 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды Беларуста оппозиционер журналисттин үйү камакка алындыЖогорку соттун төрагасы Базарбеков кызматтан кетүү тууралуу арыз жаздыАба ырайы: тоолорго кар түшөт