Нетаньяху Насралланын ордуна дайындала турган киши да жок кылынганын айтты

Биньямин Нетаньяху.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху «Хезболланын» (Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон жоочулар тобу жана саясий партия) жакында каза болгон башчысы Хасан Насралланын ордуна дайындалганы жаткан киши да жок кылынганын билдирди. 8-октябрда Ливандын жарандарына кайрылуусунда ал «согуш токтоп, Ливандын өсүп-өнүгүүсү үчүн» өлкөнү «Хезболладан» бошотууга чакырды.

"Биз «Хезболланын» мүмкүнчүлүктөрүн жок кылып жатабыз. Миңдеген террорчуну, анын арасында Насралланын өзүн, Насралланын ордуна келе турган кишини, анын да ордуна келе турган кишини жок кылдык", — деди Нетаньяху, бирок аты-жөнүн жарыялаган жок.

"Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.

Өткөн аптада жалпыга маалымдоо каражаттары Ливандын борбор калаасы Бейрутта Израилдин соккусунан «Хезболланын» негиздөөчүлөрүнүн бири жана Насралланын жакын тууганы, анын ордуна топко жетекчи болору айтылып жаткан Хашем Сафи ад-Дин каза болгонун жазышкан.

Израил армиясы (ЦАХАЛ) Ливандын борбор калаасы Бейрутта авиа сокку менен "Хезболланын жогорку кызматтагы командирлеринин дагы бири жок кылынганын 8-октябрда жарыялаган. Сухаил Хусейни топтун жогорку аскердик органы деп эсептелген "Жихад кеңешинин" мүчөсү, бюджет, башкаруу жана логистика маселелерине жооптуу киши болгону маалымдалган. "Ал Иран жана "Хезболла" ортосунда курал-жарак берип турууда чечүүчү роль ойноп келген", - деп билдирген ЦАХАЛ.

2023-жылы 7-октябрда Израилдин аймагына Газа секторунан кол салуу болуп, бир күндө 1197 киши өлтүрүлгөн, 251 кишини барымтага алып кетишкен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон. Израил бул үчүн Газада АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган ХАМАС тобун айыптап, ага каршы согуш баштаган. Азыркы тапта ЦАХАЛ Газада ХАМАСка, Ливанда “Хезболлага” жана Йемендеги хуси козголоңчуларына каршы согушууда. Алар баары Ирандын аймактагы ишенимдүү өкүлдөрү катары саналат. (RK)

Дагы караңыз

Спорт: Кыйынчылыкты жеңген кыраандар Жапаровдун Москва сапары, мигранттардын даты Бишкек мэри жол кирени көтөрүү сунушу боюнча түшүндүрмө бердиБокс боюнча курама Кытайдагы мелдеште алты медал утту