Спикер Шакиев сессияда Нурдан Орунтаевди сынга алды

Нурдан Орунтаев

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Архитектура, курулуш жана турак жай - коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаевди ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды. Бул тууралуу ал 9-октябрда парламенттин жыйынында айрым депутаттардын Орунтаевдин дарегине айтылган сынынан кийин айтты.

Мунун алдында эл өкүлү Марат Мураталиев Таласта курулуп жаткан ооруканага кирген учурда Орунтаевдин орун басары чалып, "жетекчилик киргизбегиле деп айтканын" билдирген. Депутат Дастанбек Жумабеков чиновник муну менен мыйзамды бузуп жатканын айткан.

Буга жооп берген Орунтаев депутаттар барган жерге программа менен барышы керек экенин жана аларга жетекчилерди кошуп берүүгө даяр экенин, курулуш болуп жаткан жер кооптуу экенин белгиледи.

"Талас боюнча түшүнбөстүк болуп кетти. Интернеттен көргөн учурда орун басарыма чалып, "эмнеге биздин кызматкерлер жок депутаттар ал жерде жүрөт, биз карап, түшүндүруп беришибиз керек" деген эле сөз болгон. Өзүмдүн жана мекеменин жетекчилигинин атынан кечирим сурайм", - деди Орунтаев.

Төрага Нурланбек Шакиев Нурдан Орунтаевди "эрке бала" деп сынга алды.

“Бүгүн да чакырылган жыйынга келбей, орун басарыңызды жөнөттүңүз. Кийин атайын чакыруу менен өзгөчөлөнүп келдиңиз. Сиз көп эркелебеңиз. Ар бир бийликтин тушунда сизге окшогон “эрке” балдар болгон. Бирок алардын тагдыры эмне менен бүткөнүн көргөнбүз. Биринчи ошол эрке балдар жазаланат. Алар сыяктуу сиз минтип бийликтин ишине көлөкө түшүрбөңүз”, – деди Шакиев.

36 жаштагы Орунтаев «Юриспруденция», "Соттук криминалистика" адистиги боюнча жогорку билим алган. 2006-2021-жылдары милиция тармагында эмгектенген. Ал Бишкектин вице-мэри, ага чейин мэриянын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин директору болуп иштеген. Анын тушунда борбор калаада бир катар курулуштар мыйзамсыз деп табылып, буздурулганы коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Архитектура, курулуш, турак жай - коммуналдык чарба агенттигине жетекчи болуп былтыр ноябрда дайындалган. (КЕ)

Дагы караңыз

Бишкек мэри жол кирени көтөрүү сунушу боюнча түшүндүрмө бердиБокс боюнча курама Кытайдагы мелдеште алты медал утту Бишкектеги мектептерде 50 миң бала ашыкча окуп жататПарламентте өкмөт мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги тууралуу маселе көтөрүлдү