"Талибан" 20 миң музыкалык аспапты жок кылды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ооганстанда талибдер соңку жылы эле 20 миң музыкалык аспапты жок кылганы августта маалым болду. 2021-жылы бийликти басып алган экстремисттик топ аспаптарды “шарыятка туура келбейт” деп жүйө келтирет. Каардуу бийликтен корккон ооган өнөрпоздору мекенин таштап чыгып кетти. Оогандардын улуттук музыка институтунун жетекчиси «Талибан” кайтып келгенде музыкага “согуш ачканын” айтты.