Крымда Орусиянын мунай базасы өрттөнүүдө

Феодосия. 2024-жылдын 7-октябры.

Орусия 8-октябрда эртең менен Украинага жакын чек ара тилкеси учкучсуз учактардын чабуулуна кабылганын билдирип, бул үчүн украин тарапты айыптады. Өлкөнүн Коргоо министрлиги абадан коргонуу системалары жалпысынан 16 согуштук дронду атып түшүргөнүн маалымдады.

Жанкечти дрондордун 14ү Украина менен чек арасындагы Белгород облусунда кармалганы, калган экөө Кара деңиз жээгинде жок кылынганы кабарланды.

7-октябрда, мекеменин маалыматына караганда, Крымда Феодосия шаарында мунай азыктары сакталган ири кампага дрон менен сокку урулуп, өтө чоң өрт тутанды, тегеректеги элди эвакуациялоого туура келди.

2008-жылы Орусия президенти Владимир Путин: "Крым талаштуу аймак эмес. Орусия Украинанын азыркы чек арасын тааныйт", - деп айткан. Ал эми 2014-жылы Москва Крымды аннексиялап алган. 2022-жылы Украинага аймактык доо артып, толук масштабдуу согуш ачкан.

Быйыл жыл башынан бери Украина Орусиянын аймактарындагы мунай сакталган кампаларга дрон менен жасалган чабуулдарын көбөйтүп, айрым завод-ишканаларын керектен чыгарды.

BBC жазгандай, Орусиянын мунай инфраструктурасы кеминде 64 жолу бутага алынды. Reuters быйыл июнь-август айларында эле кеминде 13 жолу чабуул жасалганын жазды. Алардын эң ирилери - Омск шаарындагы чоң ишканада, Ростов облусунун Пролетарск шаарындагы кампада дээрлик эки апта өчпөй турган жана Москвадагы мунайды кайра иштетүүчү заводдогу өрт.

Украин президенти Владимир Зеленский мындай чабуулдарды Орусиянын украин энергетикалык объектилерин талкалаган соккуларына жооп деп атаган. (RK)

Дагы караңыз

Израил "Хезболланын" дагы бир командирин жок кылганын жарыяладыКазакстанда 45 миң гектар талааны өрт каптап, киши өмүрү кыйылдыХаррис: Киев катышпаса, АКШ Путин менен сүйлөшүүгө барбайтБишкек мэриясы накталай жол кирени 40 сомго чейин көтөрүүнү сунуштады