Украина бир нече аймагында Орусиянын соккусунан адамдар жараат алганын билдирди

Украина.

Украина 8-октябрда Орусиянын чабуулдарынан бир нече аймагында адамдар жараат алып, кыйроолор катталганын билдирүүдө.

Херсон облусунда артиллериялык аткылоодон бир нече киши жараат алганы, бир дүкөн талкаланганы, 51 жаштагы аял көчөдө кетип бараткан учурда ага дрон менен жардыргыч ыргытылганы, Харьков облусунда жарандык өндүрүш ишканасы кыйраганы, 16 жергиликтүү тургун жараат алганы, үчөөнүн абалы оор экени маалымдалды.

Фронтто соңку суткада 172 жолу кагылышуу болгонун, оор абал Покровск жана Курахово багыттарында сакталып турганын, аскерлер жайгашкан жерлер менен калктуу пункттар жалпысынан 4420 жолу аткыланганын, төрт жолу ракеталык, 72 жолу авиациялык, 1508 жолу дрон менен сокку урулганын өлкөнүн Куралдуу күчтөрү билдирди.

Одесса аймагына дрон жана баллистикалык ракета менен бүгүн да сокку урулду. Кечээ бул аймакта Украинанын Кара деңиздеги эки негизги портуна чабуул жасалып, дан азыктарын ташыган кемеге ракета тийген, облус губернатору Олег Кипер 60 жаштагы жергиликтүү кызматкер каза болгонун, чет өлкөлүк беш жумушчу жараат алганын билдирген. Тышкы иштер министри Андрей Сибига Орусиянын бул кол салуусун «атайын жасалган террордук тактика» деп атаган. (RK)

Дагы караңыз

Жазуучу Олжобай Шакир абактан чыктыБишкек мэриясы накталай жол кирени 40 сомго чейин көтөрүүнү сунуштадыАба ырайы: Оштун тоолуу аймактарында жаан жаайтКурманжан датканын кызынын арзуусу