Министрлик мугалимдердин жапырт иштен кетиши боюнча маалымат берди

Билим берүү жана илим министрлиги Т.Сатылганов атындагы №69 жалпы билим берүү мектебинде мугалимдердин иштен кетиши боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин маалыматына таянып маалымат берди. Ага ылайык, 2-сентябрдан тарта аталган мектептин ийрим иштеринин 34 жетекчиси жана 9 мугалим өз каалоосу менен иштен бошогон.

Мектеп учурда штаттык режимде иштеп жатканы жана бош кызмат орундар жок экени айтылды.

Министрликтин маалыматына караганда, буга чейин Бишкек шаарында атайын макамдагы 37 мектеп болгон. 2024-жылдын 1-сентябрына карата 11 жалпы билим берүү уюмунун “лицей” жана “гимназия” түрүндө аккредитациялык сертификатынын мөөнөтү бүткөн. Ал эми 26 мектепте аккредитациялык сертификаттардын күчү сакталууда.

Быйыл августта Бишкектеги №26 мектептен 20 мугалим жумуштан кетип калганы белгилүү болуп, талкууларга жем таштаган. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева "Азаттыкка" 30-августта берген маегинде Бишкектеги айрым мектептерде мугалимдердин жумуштан кетип жатышын андагы "гимназия" макамынын алынышы менен байланыштырган. (КЕ)

Дагы караңыз

"Куликовский" ишканасынын жетекчиси тинтүү тууралуу комментарий бердиИИМ энергетик Абылаевге козголгон кылмыш иши боюнча маалымат берди7-октябрь: Ноокатта медреседе өспүрүм каза болду, медицина боюнча Нобелди эки америкалык окумуштуу алатЖогорку сот Олжобай Шакирди үч жылдык пробация менен эркиндикке чыгарды