Жогорку сот Олжобай Шакирди үч жылдык пробация менен эркиндикке чыгарды

Олжобай Шакир.

Жогорку сот 8-октябрда жазуучу жана публицист Олжобай Шакирди коюлган айып боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылдык пробация менен эркиндикке чыгарды. Жазуучу ушул тапта Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып турат.

“Ал үч жыл Пробация департаментине барып турушу керек. Бул убакыт ичинде мыйзам бузбаса эч кандай чара колдонулбайт”, - деди Олжобай Шакирдин адвокаты Акмат Алагушев.

14-майда Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту Олжобай Шакирди беш жылга эркинен ажыраткан. Чүй облустук соту 15-июлда өкүмдү күчүндө калтырган. Жазуучу чечимди “адилетсиздик” деп айткан. Анын адвокаттары эки инстанциянын чечимине каршы Жогорку сотко кассациялык арыз берген.

Олжобай Шакирге Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен иш козголуп, 2023-жылдын 23-августунда кармалган.

Олжобай Шакирдин иши боюнча соттук отурум. Жогорку сот. 8-октябрь, 2024-жыл.

Прокурор сотто Олжобай Шакир интернетте адамдарды “жапырт башаламандыкка чакырган постторду бай-байма жарыялап келгенин” айтып, “булардын тизгинин кагыш керек” деген сөзү азыркы “бийликтин кадыр-баркына шек келтирген, коомдук коопсуздукка карата оор кылмыш жасаган” деп билдирген.

Жазуучу коюлган айып менен макул болгон эмес. Ал камалганга чейин президент Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевди дебатка чакырган. 2023-жылдын 31-августунда онлайн митинг өткөрүү тууралуу демилге көтөргөн. Мындай аракети калайман башаламандык уюштурууну билдирбесин айткан.

Олжобай Шакир деген ат менен таанылган Олжобай Эгембердиев 2017-жылы “РухЭш” коомдук агартуу багытындагы сайтын негиздеп, иштетип келген. (BTo/TSh)

Дагы караңыз

ИИМ энергетик Абылаевге козголгон кылмыш иши боюнча маалымат бердиБазарбеков мыйзамсыз иштерди кылган судьялар көп болуп жатканын айттыПрокуратура “Тазалыктын” кызматкерлерине кылмыш ишин козгодуМуфтият ажылыкка каттоо аяктаганын билдирдиБеларуста саясий туткун Зенковичтин жаза мөөнөтү узартылдыЕвробиримдик Украинага, Молдовага жана Грузияга чечкиндүү колдоосун билдиретАзимбек Бекназаровдун туугандары бийликтен аны үй камагына чыгарууну сурады