Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Базарбеков мыйзамсыз иштерди кылган судьялар көп болуп жатканын айтты


Замирбек Базарбеков.
Замирбек Базарбеков.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков сот системасы мыйзам бузган судьялардан тазаланып жатканын билдирди.

Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин 8-октябрдагы жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты. Замирбек Базарбеков мыйзамсыз иштерди кылган судьяларды коргобой турганын кошумчалады.

“Мен аларды аяган жокмун. Кичинекей балдары бар аял судьялар кармалып, түрмөдө жатышат. “Биздин убакта мындай жок эле” деген сөздөр болуп атат. Ар кимдин түшүнүгү ар башка экен да эми. Сот тутуму тазаланышы керек болуп жатат. Андайлар өтө көп. Көбү жаш эле кадрлар. Ошолор ар кандай иштерди кылып жиберишүүдө. Анан аларды кантип жашырасың? Мен андай иштерге бара албайм. Ошондуктан аларга каршы күрөш жүрүүдө”, - деди ал.

Парламенттин тармактык комитети Жогорку сотко санариптик иштерди көзөмөлдөгөн төртүнчү орун басардын кызматын киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоп берди.

Жогорку соттун судьясы Кыдык Жунушпаев Жогорку Кеңештин 15-майдагы отурумунда 2023-жылы судьяларга каршы 760 арыз түшүп анын негизинде 35 судья тартиптик жазага тартылып, дагы сегиз судья ар кандай жагдайда кызматтан кеткенин айткан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылы 30-ноябрда Кыргызстанда соттор өкүмдөрдү дагы деле акча алып чыгарарын баары билерин, УКМК паракор судьяларды кармаганга аракет кылып жатканын айткан.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков системада таза эмес иштеген адамдар бар экенин “Азаттыкка” курган маегинде мойнуна алган. Бирок Конституция боюнча соттордун ишине эч ким кийлигише албай турганын билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG