"Газадагы окуялар Борбор Азиядагы коопсуздукка таасирин тийгизүүдө"

Уран Ботобеков.

Израилдин Газа тилкесинде АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган ХАМАС тобуна каршы күрөшүп жатканына бир жыл болду. Сентябрь айынан бери Израил армиясынын Кошмо Штаттар террордук деп санаган “Хезболла” жоочулар тобу менен кармашы күчөдү.

Газадагы согуш Борбор Азиядагы террордук жана экстремисттик топторго, алардын идеологиялык аракеттерине кандай таасирин тийгизүүдө? Чөлкөмдөгү өлкөлөр кандай коркунучтарды эске алышы керек?

Экстремисттик уюмдарды изилдеген кыргызстандык эксперт, публицист "Борбор Азиядагы жихадчылыктын анатомиясы” китебинин автору Уран Ботобеков Чикаго шаарынан “Азаттыкка” маек куруп, бир катар суроолорго жооп берди.

- Уран мырза, сиз жыл башындагы англис тилиндеги макалаларыңыздын биринде кызык бир ойду жазыптырсыз. “Газадагы согуш канчалык Борбор Азиядан алыс болгонуна карабай, Израил менен ХАМАСтын тиреши чөлкөмдөгү диний жана коопсуздук айдыңына таасирин тийгизип жатат” деп белгилепсиз. Ушуну чечмелеп өтөсүзбү? Бул согуштун чөлкөмгө кандай таасири тийип жатат?

- Саламатсыздарбы! “Дипломат” басылмасында жарык көргөн макаламда эмнени айткым келген? Биринчи маселе коопсуздукка байланыштуу. Иерусалимде, Газада болуп жаткан окуялар Борбор Азияга түздөн-түз таасирин тийгизип жатат. Борбор Азиядан чыккан жихадчыл террордук уюмдардын күчтөнүшүнө, алардын идеологиялык жактан байышына себепчи болууда. Алар Газа чатагын объект катары алып, өздөрүнүн кызыкчылыгына пайдаланганга аракет кылышууда.

Ушул жагынан алганда Газадагы чыр-чатак башталгандан бери “Ислам мамлекетинин” экстремисттик уюмунун Хорасан бөлүгү чөлкөмдө өз таасирин, террордук аракеттерин абдан күчөттү. Москвада, Түркияда, Ирандагы жардыруунун баары биз көрүп-билип жүргөн постсоветтик өлкөлөрдөн чыккан, террордук уюмдарга кошулуп кеткен адамдардын аткаруусунда ишке ашырылды. Жогоруда айтканымдай, Израилге каршы идеологияны, Газадагы конфликтти өз кызыкчылыгы үчүн колдонуу менен алар өзүнүн идеологиялык пайдубалын абдан бекемдегенге жетишти. Кыргызстанга, ошондой эле Борбор Азиядагы калган төрт мамлекетке мунун коркунучу, кесепети келечекте абдан чоң болот.

- Бул багытта Борбор Азия өкмөттөрү кандай коркунучтарды эске алууга тийиш?

- Борбор Азия мамлекеттери - ислам дүйнөсүнүн бир бөлүгү. Каалайбызбы-каалабайбызбы, Израилдеги же Иерусалимдеги окуялар Бириккен Улуттар Уюму, Ислам кызматташтык уюму же Түрк мамлекеттеринин уюму аркылуу, албетте, талкууланып турат.

Биринчи кезекте Борбор Азиядан чыккан жихадчыл, экстремисттик уюмдар чөлкөмдөгү мамлекеттердин көңүл борборунда болушу керек.

Жаныбыздагы Ооганстанда, Сирияда, Жакынкы Чыгышта турган көптөгөн жихадчыл уюмдар бул маселени колдонуп, жихадчыл бир иш-аракеттерди Ооганстан аркылуу Борбор Азияда баштап жиберүү тобокелдиги бар.

Бир кезде “Аль-Каида” террордук уюмунун лидери Абдулла Аззам Ооганстанга келип, “палестин жихады” деген түшүнүктү киргизген. Анда cоветтер бийлигине, советтик аскерлерге каршы чыгышкан.

Аззам “Аль-Каиданын” идеологиясынын атасы болуп саналат. Ошол идеологияны өнүктүрүп отуруп, “Аль-Каиданы” глобалдык террордук уюмга айлантты. Андан бөлүнүп чыккан “Ислам мамлекети” террордук уюму да чоң бир коркунучтун булагы болуп калды.

Ушул коркунучтарды эске алганда Борбор Азия мамлекеттери чөлкөмдөгү коопсуздук маселелеринде тыгыз кызматташууга тийиш ойлойм. Ошондой эле орто азиялык жихадчылар бүгүнкү кырдаалды, анын ичинен Батыш менен Орусиянын ортосундагы карама-каршылыкты, украин-орус тирешин Газа маселесиндей эле пайдаланууга аракет кылып жатышат.

Газадагы Жабалия качкындар лагеринин аймагы. 31-октябрь, 2023-жыл.

- Эл аралык террордук уюмдардын Борбор Азиядагы бутактарынын, деги эле региондогу экстремисттик уюмдардын Газадагы согушка, палестиндердин маселесине карата позициясы канчалык бири-биринен айырмаланып турат? Алар Газадагы согушту өз кызыкчылыгы үчүн кантип пайдаланышы мүмкүн?

- Абдан жакшы суроо. Негизи эле палестин чатагына, кризисине “Аль-Каиданын” дагы, ошондой эле “Ислам мамлекети” террордук уюмунун дагы өзүнүн көз карашы бар. Алардын ХАМАСка, “Хезболлага”, Иранга, шийилерге болгон мамилеси ушул жерде ачык көрүнөт.

Маселен, “Аль-Каида” тобун алалы. Борбор Азиядан чыккан көптөгөн жихадий уюмдар, ошол эле "Катибат аль-Таухид валь-Жихад" же "Катибат Имам валь-Бухари", "Катибат-аль-Гураба", Ислам жихад биримдиги, уйгурлардын Түркстан ислам партиясы - баары “Аль-Каиданын” идеологиясына сугарылган жана ага багытташ. Мына ушул уюмдардын көз карашы “Аль-Каиданын” Газага, ХАМАСка болгон көз карашы менен абдан дал келет. Маселен, булар шийилерге каршы Сирияда согушуп жүрүштү. Кечээ Израил тарап Ливанда “Хезболлага” каршы пейжерлер менен чабуул койгон убакта алар шийилерди шылдыңдап, “суннилерге болгон силердин өкүмзордугуңар эмне үчүн азыр байкалбайт, үнүңөр угулбайт, абалыңар ушул экен” дешти.

Ушундай ойду курамында өзбек жана кыргыздар бар Ислам жихад биримдиги айтып чыкты. "Катибат-аль-Имам- Бухаринин" лидери Абу Юсуф Мухажи ушул боюнча беш-алты билдирүү жасады. Ошол билдирүүлөрдүн баарында шийилерге, “Хезболлага”, Иранга каршы экенин ачык көрсөтүштү.

“Аль-Каиданын” Газадагы конфликтке көз карашы кандай? "Аль-Каида" - бул, албетте, глобалдык террордук уюм. Бул уюм глобалдык халифат курууну самайт. Алар убагында Газадагы шайлоолордо ХАМАС жеңип чыкканда катуу сынга алышкан. "Силер демократиялык мыйзамдар менен шайлоого катыштыңар, демократиялык мыйзамдарга баш ийдиңер" деп ХАМАСтын иш-аракеттерин абдан катуу сындаган.

Ошентсе да "Аль-Каида" былтыркы 7-октябрдагы ХАМАСтын чабуулун колдогон билдирүү тараткан. "Ислам мамлекети" террордук уюму ХАМАСтын ал жердеги түзүмүнө, көз караштарына, шайлоого катышканына каршы. Эң негизгиси, "Ислам мамлекети" тобу ХАМАСтын Иран менен кызматташуусуна, ошондой эле “Хезболла” менен тыгыз байланышына абдан каршы болуп турат.

Жалпысынан Газадагы конфликт же болбосо "Аль-Акса" мечитинин тегерегиндеги мурдатан бери келе жаткан ар кандай тирешүүлөр, шийилерди да, суннилерди да, жалпы эле ислам дүйнөсүн бириктирип тургандай көрүнгөнү менен, бул маселенин ар бир бөлүгүнө келгенде биримдик жок. Жалпысынан ислам дүйнөсү бирдиктүү болбогон соң, андан чыккан террордук уюмдардын ортосунда ушул маселелерде карама-каршылык бар.

- Сиз айтып өткөн жагдайларды эске алганда, чөлкөмдө “Ислам мамлекети-Хорасан” сыяктуу террордук уюмдар аралашкан чабуулдар катталып жатканын эске алганда, дүйнөлүк алкакта жана регионалдык деңгээлде террорчулукка каршы күрөш канчалык жетиштүү деңгээлде жүрүп жатат деп айтууга болот?

- Дүйнө, коом өзгөрүп жатат. “Ислам мамлекети” террордук тобу кечээ талкалангандан кийин алар ээлеп турган негизги аймагын жоготсо да, өзүнүн идеологиясын, жер-жерлерде болгон өзүнүн виртуалдык таасирин эч качан жоготкон жок. Тескерисинче, кайра күчөп жатат. Менимче, азыр эң коркунчутуу фазага келди.

Маселен, "Ислам мамлекети" террордук уюму "Аль-Каидадай" болуп ар бир уюмдарга бөлүнүп, “ушул уюм - биздин уюм” деп так атабай, глобалдык бир террордук аймакты башкарганга трансформация болуп жатат. Дүйнөнүн кайсыл гана жеринде болбосун, өздөрүнө ант бергендерди колдоп жатышат. Алар жаңы бир стратегияны тандап алышты. Батышта, Европада, Америкада, Борбор Азияда болобу, бардык жерде ант берген адамдарды өзүнүн аскери деп санайт. Алар жасаган террордук актыларды, кылмыштарды өзүнүн иш-аракети, кандайдыр бир ийгилиги деп көрсөтүп жатат.

Балким, алар ээлеп турган аймагын жоготкондур. Бирок тескерисинче өтө коркунучтуу тактикага өтүп алышты. Орусиянын Волгоград аймагындагы түрмөдө тажик, өзбек жарандары катышкан окуялардын, Дагестандагы атышуулардын, полиция кызматкерлерине болгон чабуулдардын аркасында "Ислам мамлекети" террордук тобу “биз турабыз” деп ишарат кылып жатат.

Америкалык кесиптештер менен дагы тыгыз байланышып, бул тууралуу пикир алышып турабыз. Алардын айтымында да эң негизги коркунуч – бул глобалдык, виртуалдык чабуулдар болуп саналат.

Айтарым, коркунучу абдан өсүп жаткан бул уюмга каршы Борбор Азия мамлекеттери абдан тыгыз байланышта болуп, булардын идеологиясын, өзгөрүп жаткан кыймыл-аракеттерин дыкат иликтеши керек. Айрыкча Орусияда жүргөн мигранттарга карата орус өкмөтү тарабынан, жергиликтүү бийлиги тарабынан көптөгөн кысымдар болуп атат. Ушунун баарын "Ислам мамлекети" террордук уюму өзүнүн кызыкчылыгы, идеологиясы, пропагандасы үчүн абдан кеңири пайдаланууда.

- Жалпы эле Газадагы согуш байланыштуу Кыргызстан буга чейин бир нече жолу тынчсыздануусун билдирген. Жакынкы Чыгышта кырдаалга, Израилдеги, Газадагы, Ливандагы окуяларга карата Кыргызстандын позициясы кандай болушу керек?

- Менимче, Кыргызстан БУУда кабыл алынган мурдагы чечимдердин аткарылышы боюнча өзүнүн туруктуу позициясын билдирип турушу керек. Ошондой эле террордук уюмдар боюнча дагы так позициясын билдирип турушу зарыл.

БУУ кабыл алган “эки мамлекетти түзүү” боюнча чечими эмнеге аткарылбай жатат? Эмне үчүн Израил менен ХАМАСтын ортосундагы конфликттер кайсы мамлекеттер, күчтөр тарабынан каржыланып жатат же болбосо колдоого алынып атат? Мына ушуларды кыргыз бийлиги, жалпы эле Борбор Азия бийлиги терең анализдеши керек.

Жогоруда белгилегендей, Борбор Азия - чоң ислам дүйнөсүнүн мүчөсү. Ошол көз караштан алып караганда, Борбор Азияга, жалпы ислам дүйнөсүнө туура келген, ошондой эле БУУнун чечимдерин аткара турган кандайдыр бир дипломатиялык кадамдар зарыл. Албетте, алардын аркасында тургандар же болбосо Жакынкы Чыгыштагы конфликттин архитекторлору - башка жактагы таасирдүү күчтөр. Мына ошолорго болгон таасирин Борбор Азия мамлекеттери дагы арттырышы керек.