Евробиримдик Украинага, Молдовага жана Грузияга чечкиндүү колдоосун билдирет

Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен.

Европа Биримдиги Украинага Орусиянын кол салуусуна каршы күрөшүнө чечкиндүү түрдө колдоосун, Молдованын биримдикке мүчө болуу аракетине толук жардамын улантат жана Грузияда кабыл алынып жаткан соңку мыйзамдарга тынчсыздануусун билдирет. Бул тууралуу Евробиримдиктин келерки аптадагы кезектеги саммитинде кабыл алына турган билдирүүнүн долбоорунда жазылды.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун колуна тийген долбоордун көчүрмөсүнө ылайык, Киевге «колдоонун бардык түрү канча убакыт зарыл болсо, ошончолук мөөнөткө чейин туруктуу көрсөтүлө берет». Анда «Орусия үстөмдүк кылбашы керектиги», «Украина боюнча бир дагы демилге анын өзүсүз кабыл алынбашы зарылдыгы» белгиленип, «аскердик жардамды кеңейтүү жана тездетүү, абадан коргонуу системалары, курал-жарак жана ракета жагына өзгөчө көңүл буруу, энергетика тармагынын туруктуулугуна да көмөктөшүү чакырыгы айтылды.

Грузиянын Орусияныкындай саясий оппозицияны басмырлоо, ЛГБТ өкүлдөрүнүн укугун чектөө сыяктуу мыйзамдарды кабыл алып жатышы анын евроатлантикалык институттарга интеграция болуусуна «коркунуч жаратып жатканы» белгиленди.

2022-жылдын июнь айында Украина менен катар Евробиримдикке мүчө болуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштаганМолдова 20-октябрда өтө турган шайлоо жана референдум алдында Орусиянын жалган маалымат жайылтуу таасирине кабылып жатканы, анткени орус бийлиги батышчыл президент Майя Сандунун ордуна башка бирөө келишине кызыкдар экени айтылды. Молдованын Евробиримдикке, эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн колдоого карай жолуна «чечкиндүү жардам көрсөтүлөрү» да айтылды.

27 өлкөнүн башын бириктирген Еврошаркеттин кезектеги саммити 17-18-октябрда Брюсселде өтөт. (RK)

Дагы караңыз

Газадагы согушка бир жыл: Израилдеги эскерүү Азимбек Бекназаровдун туугандары бийликтен аны үй камагына чыгарууну сурады7-октябрь: Ноокатта медреседе өспүрүм каза болду, медицина боюнча Нобелди эки америкалык окумуштуу алатТүйшүгү түмөн мугалим