Өкмөт тамеки алып кирүүгө жарым жыл тыюу салууну сунуштап жатат

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан тамекини ташып келүүгө, транзитке же реэкспорттоого алты айга убактылуу тыюу салууну пландоодо. Министрлер кабинетинин тийиштүү токтомунун долбоорун Экономика жана коммерция министрлиги коомдук талкууга чыгарды.

Долбоор Кыргызстандын жарандарынын ден соолугун жасалма, сертификаты жок тамекилерди керектөөдөн коргоо, ошондой эле тамеки аткезчилигине каршы күрөштү күчөтүү жана мамлекеттик бюджетке салыктык түшүүлөрдүн болжолдуу көрсөткүчтөрүн аткаруу максатында иштелип чыккан. Чектөө Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөргө тиешеси жок.

Документтин негиздеме-маалымкатында 2023-жылы мыйзамсыз чылымдын үлүшү 17,7% түзгөнү белгиленген. Oris, Mondeo, Like жана Madrid бренддериндеги бардык контрафакттар Сербия жана Бириккен Араб Эмираттары сыяктуу үчүнчү өлкөлөрдө өндүрүлгөн продукциялар болгон.

Салык кызматы 2023-жылы мыйзамсыз жүгүртүүдөн 65 231 таңгак тамекини сатыктан алган. (КЕ)

Дагы караңыз

Израил ХАМАСтын кол салуусунун бир жылдыгын эскерүүдөАкылбек Жапаров уюлдук телефондорду каттоодо маселе бар экенин айттыПрезидент Жапаров Москвада КМШга мүчө мамлекет башчыларынын жыйынына катышат“Санарип көчмөн” макамы 2 миңден ашуун чет элдик жаранга берилди