Акылбек Жапаров уюлдук телефондорду каттоодо маселе бар экенин айтты

Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров уюлдук телефондорду каттоодон өткөрүүдө зарыл болгон учурда чечкиндүү чаралар көрүлөрүн, анын ичинен IMEI коддорун каттаган компания менен келишимди бузуу маселеси да көтөрүлөрүн айтты.

Бул тууралуу уюлдук телефондордун IMEI коддорун Мамлекеттик идентификациялоо системасында (МИС) каттоо маселеси боюнча кеңешмеде сөз болгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Акылбек Жапаров жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана катталбаган IMEI коддору бар телефондорду мыйзамсыз ташып келүү жана сатуу менен күрөшүү үчүн уюлдук телефондордун IMEI коддорун каттоо маанилүү экенин айтты.

“Ошону менен бирге Министрлер кабинетинин башчысы бул иш каттоонун жүрүшү тууралуу маалыматтын жоктугунан жана кызматка кирүүдөгү көйгөйлөрдөн улам жарандардын нааразычылыгын жаратып жатканын белгиледи”, - деп айтылат маалыматта.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргызстанда уюлдук телефондорду каттоодон өткөрүүдө жарандар убара болуп жатканын парламенттин буга чейинки жыйындарынын биринде козгоп, каттоо иши эмне үчүн чет өлкөлүк компанияга берилгени тууралуу маселени көтөргөн.

Чет өлкөдөн сатып алынган телефондорду ишкерлер www.imei.kg сайтында каттатышы керек. Ал эми Кыргызстанда мобилдик телефондорду каттоо иши менен “Инмобайлс” компаниясы алектенет. Ачык булактардагы маалыматка караганда, “Инмобайлс” 2021-жылы каттоодон өткөн. Анын директору катары Шарбель Эль Литани көрсөтүлгөн. Уюлдук телефонду каттатуу үчүн 600 сом төлөш керек.

Министрлер кабинетинин токтому боюнча, бир адам Кыргызстанга бир жылда экиден ашык эмес уюлдук аппаратты жеке пайдалануусу үчүн акысыз алып кире алат. Чет жактан уюлдук телефон сатып алгандар же онлайн буюртма бергендер аны www.imei.kg сайтына каттатышы керек.

Мобилдик телефондордун IMEI коддору сакталган базага УКМК ээлик кылат. Уюлдук телефон уурдалган учурда милицияга арыз түшсө, анда ички иштер кызматкерлери уурдалган телефонду аралыктан өчүрүп коё алышат.

IMEI код — бул ар бир телефон жана смартфон үчүн бериле турган идентификациялык номер. Ал өндүрүүчү тарабынан коюлуп, телефон түйүнгө кошулган маалда байланыш операторуна берилет. Кошумча каттоо жана калктын маалыматтарын бир базага топтоо зарылдыгын Министрлер кабинети телефон уурулуктун көбөйүшү, аткезчиликке каршы күрөш, казынаны бажы төлөмдөрү менен толтуруу максаты катары түшүндүргөн. (BTo)

Дагы караңыз

“Санарип көчмөн” макамы 2 миңден ашуун чет элдик жаранга берилди Казакстанда АЭС курууга макул болгон шайлоочулар 71% түздүАба ырайы: күн ачык болотНидерланд өкмөтү Украинага F16 учактарынан дагы жөнөтүлөрүн билдирдиЭлчи Украина “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоорун колдой турганын айтты Депутат Көкүлов жалган жалаа үчүн айып салуу айрым гана адамдарга иштей турганын айттыМамлекеттик оорукананын жетекчилерин менчик клиникаларда иштөөгө тыюу салуу сунушталууда