Аба ырайы: күн ачык болот

8-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз өлкө аймагында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 17…22 гралус жылыйт.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10°, күндүз 23…25° жылуу болот.

Дагы караңыз

Депутат Көкүлов жалган жалаа үчүн айып салуу айрым гана адамдарга иштей турганын айттыМамлекеттик оорукананын жетекчилерин менчик клиникаларда иштөөгө тыюу салуу сунушталууда"Эл үмүтү" стипендиясынын жана "Акылман" лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө артыкчылык берүү сунушталуудаОрусиялык мурдагы оппозициячыл активист Ильдар Дадин Украинада каза болду