Аннексияланган Крымда дрон чабуулунан кийин мунай базасы күйүп жатат

Аннексияланган Крымдын Феодосия портунда мунай базасы өрттөнүп жатат. Бул тууралуу орусиялык мамлекеттик агенттиктер Орусия бийликтерине таянып билдирди. 7-октябрга караган түнү телеграм каналдары жарым аралга украиналык учкучсуз учактар учурулганы тууралуу кабарлашкан.

Феодосия администрациясынын "башчысы" Игорь Ткаченко билдиргендей, жабыркагандар жана жараат алгандар жок. Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү иштеп жатат.

Astra телеграм каналы өрттүн видеосун жарыялап, анда жергиликтүү тургундар "бир мунай базасына тийди" деп сүйлөгөндөрү угулуп турат. Видеотасмада "Береговое" деген жол кыймылыгынын белгиси көрүнүп турат.

Буга чейин орусиялык жана украиналык телеграм каналдары учкучсуз учактардын Крымдагы буталары тууралуу кабарлашкан. Украинанын "Крымский ветер" телеграм каналы өз абоненттерине шилтеме берүү менен Феодосияда жергиликтүү убакыт боюнча саат 4:30 чамасында жарылуулар угулганын билдирди.

Согуш темаларын жазган орусиялык Shot телеграм каналы, алдын ала маалыматтарга караганда, күйүүчү май куюлган бир нече цистерналар күйүп, аймактагы бир нече көчөлөрдө унаа кыймылы жабылганын жазды.

Astra каналынын журналисттери күйүп жаткан мунай базасы "Деңиз мунай терминалы" ишканасы болушу мүмкүн экенин кабарлашты.

Феодосия мунайды кайра жүктөө терминалы көлөмү боюнча Крымдагы эң чоң терминал. Жарым аралда эки гана мындай терминал бар, экинчиси Севастополдо жайгашкан, деп буга чейин Крым.Реалии. жазган.

Дагы караңыз

Израилдин армиясы Газада ХАМАСка каршы жаңы операция жүргүзүүдөОрусиялык мурдагы оппозициячыл активист Ильдар Дадин Украинада каза болдуКазакстандагы референдумга жалпы шайлоочулардын 63,87% катыштыИрандын бардык аэропортторунда аба каттамдары убактылуу токтотулду