Казакстандагы референдумга жалпы шайлоочулардын 63,87% катышты

Чымкент шаарында добуш саноо башталды, 6-октябрь 2024-жыл.

Казакстанда атомдук электр станциясынын курулушуна байланыштуу 6-октябрда өткөрүлгөн референдумда жалпы шайлоочулардын 63,87 пайызы добуш берди. Бул тууралуу жекшембинин кечинде Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын катчысы Мухтар Ерман Астанадагы брифингде билдирди.

Анын айтымында, референдумда добуш бергендердин саны жагынан Кызылорда (82,48 %) облусу саптын башына чыкса, Алматы шаары (25,39%) добуш берүү өтө солгун жүргөн аймак болуп калды.

“Жалпы саат 20:00дөгү жагдай боюнча республиканын 7 820 918 жараны бюллетень алды”, - деди Ерман.

Казак мыйзамдарына ылайык, өлкөдөгү жалпы 12 миллиондон ашуун шайлоочунун 50 пайызы добуш берсе, референдум өттү деп эсептелет. Добуш берүүчүлөрдүн саны жекшембиде түш оой эле бул чекти багындырган эле.

Элдик добуш берүүгө "Сиз Казакстанда атомдук электр станциясын курууга макулсузбу?" деген бир гана суроо коюлду. Шайлоочулар буга "ооба" же "жок" деп жооп бериши керек эле. Анын жыйынтыгы дүйшөмбү күнү толук жарыяланганы турат.

Референдумдун алдында Казакстандын аймактарында АЭСке каршы чыккан ондогон адамдар кармалды. "Азаттыктын" казак кызматы кабарлагандай, добуш берүү күнү айрым шайлоо бекеттеринде бюллетендерди топ-тобу менен урнага салуу сыяктуу эреже бузуулар катталды.

Дагы караңыз Борбор Азиядагы алгачкы АЭСтин тагдырын чечкен референдум