Запорожьеде Орусиянын аскерлеринин аткылоосунан эки адам каза болду

Орус күчтөрүнүн Запорожьеге жасаган чабуулунун кесепети. 1-октябрь, 2024-жыл.

Орусиянын аскерлери 5-октябрда Украинанын Запорожье облусунун Малая Токмачка айылын аткылап, 44 жана 46 жаштагы эки адам каза тапты. Бул тууралуу Запорожье облусунун аскердик администрациясынын башчысы Иван Федоров билдирди.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын маалыматына караганда, 5-октябрга караган түнү фронтто 159 кагылышуу болду.

Орусия Украинанын аймагын күн сайын аткылап жатат. Орусиянын коргоо министрлиги аскердик объектилер гана бутага алынарын билдирип, калктуу конуштарды атайын бутага алат деген дооматтарды четке кагып келет. Москва Украинада соккулардан каза болгон жай тургандардын өлүмү, жарандык инфраструктурлардын талкаланып жатканы боюнча комментарий бербейт.

Украин бийлиги жана эл аралык уюмдар бул соккуларды Орусиянын согуш кылмышы деп эсептесе болорун билдирип келишет. (BTo)

Дагы караңыз

Папан суу сактагычында чакан ГЭСтин курулушу башталды Жо Байден Израилдин Ирандын мунай объекттерине сокку уруусун колдобойтАба ырайы: жаан жаайтУкраина орус аскерлери кеминде 93 согуш туткунун өлтүргөнүн билдирдиБалыкчы-Корумду жолунун курулушчулары айлык ала албай жатышканын айттыКыргызстанда мугалимдердин 86% аялдар түзөтАрча-Бешикте кызды сүзүп кеткен 16 жаштагы айдоочу кармалды