Президент Садыр Жапаров Рим Папасы Франциск менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров (солдо) Рим Папасы Францискке жолугушту. Ватикан. 4-октябрь, 2024-жыл

Бүгүн, 4-октябрда Ватиканга жасаган расмий сапары алкагында президент Садыр Жапаров Рим Папасы Франциск менен жолугушту. Жолугушууда мамлекет башчы Рим Папасынын дүйнөнүн булуң-бурчтарында чыр-чатактарды чечүүгө жана адилеттүүлүктү орнотууга кошкон жеке салымын белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргызстан ондогон этникалык топтордун өкүлдөрү тынчтыкта жана ынтымакта жашаган светтик көп улуттуу мамлекет экенин айтып, мамлекет дин тутуу эркиндигин кепилдей турганын, элинин дин тутуп, сыйынуусуна кийлигишпей турганын баса белгиледи.

Президенттин администрациясы тараткан маалыматта: "Конфессиялар аралык ынтымак тууралуу айтып жатып, Садыр Жапаров Кыргызстанда өлкөнүн бардык диний жамааттары биздин коомдун ажырагыс бөлүгү болуп саналарын жана анын өнүгүшүндө маанилүү ролду ойной турганын кошумчалады. Кыргызстандын салттуу баалуулуктарынын бири дайыма толеранттуулук жана маданий көп түрдүүлүктү урматтоо болуп келгенин белгиледи", - деп жазылган.

Рим Папасы Франциск да Кыргызстандын көп улуттуу жана көп конфессиялуу коомду колдоо аракетин жогору баалап, бул баалуулуктарды сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Баарлашуу соңунда президент Садыр Жапаров Рим Папасы Францискти анын өзүнө ыңгайлуу учурда Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2-октябрда Италияга расмий сапар менен барган. Анын алкагында Италиянын президенти Сержо Маттарелла, Министрлер кеңешинин төрайымы Жоржиа Мелони, Депутаттар палатасынын төрагасы Лоренцо Фонтана жана Сенаттын төрагасы Иньяцио Ла Русса менен жолугушуп, сүйлөштү.(ZKo)

Дагы караңыз

RSF уюму Евробиримдикти Сербияга "орусиялык пропаганда" үчүн чара көрүүгө чакырды “Кумтөр” алтын өндүрүү убактылуу азайып жатканын билдирди Ливан жана Газадагы курч кырдаал, Хаменеинин кайрылуусуДарыгерлер пара алууга шектелип кармалды