RSF уюму Евробиримдикти Сербияга "орусиялык пропаганда" үчүн чара көрүүгө чакырды

Russia Today (RT) серб тилиндеги сайты.

“Чек арасыз кабарчылар” (RSF) эл аралык уюму Европа Биримдигине кайрылып, Сербияда Орусиянын мамлекеттик медиа каналы RT (Russia Today) дагы эле иштеп жатканына көңүл бурууга чакырды жана аталган каналды “Владимир Путиндин алдамчылык фабрикасы” деп атап, мындайга жол берип жаткан серб өкмөтүн жоопко тартууга үндөдү.

Уюмдун билдирүүсүндө RT Balkan телеканал катары иштебесе да анын сайты ишмердүүлүгүн кенен улантып келатканы, Белграддагы кеңсеси “кремлчил багыттагы үгүт маалыматтарды” жалпы Түштүк-Чыгыш Европа аймагында жайылтуу үчүн колдонуп жатканы белгиленди.

"Сербия сыяктуу эгемен жана намыстуу өлкө өз аймагына Путиндин алдамчылык фабрикасын жайгаштырганы жана Орусия аны өз пропагандасын жайылтуу үчүн колдонуп жатканы Сербия үчүн да, Европа Биримдиги үчүн да жол берилгис", - деди RSF уюмунун расмий өкүлү Павол Салаи “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна курган маегинде.

Салаи Евробиримдик бул жагдайды Сербиянын биримдикке мүчөлүгү боюнча сүйлөшүүлөрдө эске алышы керектигин кошумчалады.

2022-жылы Орусия Украинага каршы согуш ачкандан кийин RT жана Кремль көзөмөлдөгөн башка да бир катар жалпыга маалымдоо каражаты (ЖМК) Европа Биримдигинин санкциялык тизмесине киргизилген.

Сербия Евробиримдикке кирүү арызын берген талапкер өлкө болгонуна карабастан аталган санкцияларды колдогон эмес жана орусиялык ЖМК өкүлчүлүктөрүнүн иштөөсүнө да чектөө койгон эмес.

Башкы кеңсеси Парижде жайгашкан “Чек арасыз кабарчылар” уюму жакында Propaganda Monitor деген долбоор алкагында мониторинг жүргүзүп, Орусия RT Balkan сайтынын “жардамы” менен Евробиримдиктин ичинде Кремлдин согуш пропагандасы биринчи кезекте Сербияда жана аймактагы башка өлкөлөрдө жайылып, “гүлдөп” жатканын аныктаган. (RK)

Дагы караңыз

Ливан жана Газадагы курч кырдаал, Хаменеинин кайрылуусуДарыгерлер пара алууга шектелип кармалды"Жыл мугалими-2024" сынагын Назгүл Каныбекова утуп алды Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору адистерди ишке чакырууда