Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:29

"Жыл мугалими-2024" сынагын Назгүл Каныбекова утуп алды


Назгүл Каныбекова
Назгүл Каныбекова

4-октябрда "Жыл мугалими-2024" сынагы жыйынтыкталып, анын жеңүүчүсү болуп Ош шаарындагы "Билим" мектеп-лицейинин окутуучусу Назгүл Каныбекова табылды.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.

Сынактын шартына ылайык, эми ага Бишкектен батирдин ачкычы ыйгарылат.

Сынактын шартына ылайык, "Башталгыч класстардын мыкты мугалими" жана ар бир предметтик сабактар боюнча жылдын мыкты мугалимдери аныкталды.

4-октябрда мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин адистеринин арасындагы сынак да жыйынтыкталды. Ага ылайык, "Жылдын мыкты тарбиячысы" деген номинация боюнча 1-орунду Ош шаарындагы №35 Асан-Үсөн бала бакчасынын тарбиячысы Махабат Калмаматова, 2-орунду Бишкек шаарындагы №12 “Баластан” бала бакчасынын тарбиячысы Асел Асыкбаева, ал эми 3-орунду Ат-Башы районунун “Казыбек-Жеткинчек” бала бакчасынын тарбиячысы Айзада Токтоналиевна утуп алды.

Мындан тышкары "Жылдын мыкты усулчусу", "Жылдын музыкалык жетекчиси" деген номинациялар боюнча да сынактар болуп, жеңүүчүлөр аныкталды.

Быйылкы сынактар Кара-Кыргыз автоном облусунун жана улуттук билим берүү системасынын түзүлгөнүнүн 100 жылдык мааракесине карата өткөрүлдү.(ZKo)

XS
SM
MD
LG