Бейрутта бир нече жолу катуу жарылуу болду

Ливан. Бейрут шаары.

Ливандын борбор калаасы Бейруттун түштүк чет жакасында 4-октябрга караган түнү бир нече жолу катуу жарылуу болгонун AFP маалымат агенттиги билдирди. Жарылуулар Рафик Харири атындагы эл аралык аэропорт жакта катталды.

AFP өлкөнүн түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн “Хезболла” куралдуу тобуна жакын адамдардын айтканына таянып кабарлагандай, Израил армиясы аталган топтун объектилерине кеминде 11 жолу сокку урду.

«Хезболланы» АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.

Жергиликтүү басылмалар чабуул өтө катуу болгонун, жарылуу шаардын четиндеги тоолуу аймактарга чейин угулганын жазып жатышат.

Ливандын Саламаттык сактоо министрлиги соңку суткада Израилдин соккуларынан дагы 37 киши каза болгонун, 151 киши жараат алганын кабарлады.

АКШ президенти Жо Байден 3-октябрда Жакынкы Чыгышта чоң согушка жол берилбейт деген пикирин айтты.

"Мен толук масштабдуу согуш тутанып кетерине ишенбейм. Андайга жол бербөөгө мүмкүнчүлүк бар деп ойлойм. Бирок, албетте, бул үчүн дагы көп иштер аткарылышы керек», - деди Байден.

Израил армиясы (ЦАХАЛ) кечээ Бейруттун түштүгүндөгү тургундарды эскерткен жана социалдык түйүндөр аркылуу «Силер «Хезболлага» таандык объектилердин жанындасыңар, биз жакынкы арада ошолор боюнча иш жүргүзөбүз» деп арабча маалымат тараткан.

CNN телекомпаниясы өз булактарына таянып жазгандай, бул жолу Израил «Хезболланын» мурдагы лидери Хасан Насралланын аталаш тууганы Хашим Сафи ад-Динди бутага алууга аракет кылган болушу ыктымал, себеби топтун жаңы жетекчисине ошол адам дайындалышы мүмкүн экени айтылууда.

Израил, өз кезегинде, «Хезболланын» жоочулары бейшемби күнү Ливандан Израилди көздөй 230 ракета учурганын билдирди.

«Хезболла» бул күнү Израилдин аймагын ракета менен аткылаганын, анын Ливандын түштүгүндөгү жөө аскерлерине да чабуул койгонун тастыктады.

Былтыр 7-октябрда АКШда жана Евробиримдикте террордук деп жарыяланган ХАМАС тобу Газа тилкесинен Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон.

Израил октябрдагы бул кандуу окуядан кийин Газа тилкесине чабуул баштаган. Азыркы тапта ал Газада ХАМАСка, Ливанда “Хезболлага” жана Йемендеги хуси козголоңчуларына каршы согушууда. Алар баары Ирандын аймактагы ишенимдүү өкүлдөрү катары саналат.

Израилдин "Хезболла" менен кармашы өткөн айдын ортосунда күчөп, 27-сентябрда Бейрутка жасалган аба соккусунан аталган топтун лидери Хасан Насралла өлтүрүлгөн. 1-октябрда Иран Израилдин аймагын бутага алып, 180дей баллистикалык ракета учурган. Мындай жагдай жалпы Жакынкы Чыгышта абал курчушу ыктымал деген кооптонууну жараткан.

Ливан өкмөтүнүн расмий маалыматына караганда, бир жылдан берки атышуулардан бул өлкөдө 1900дөй адамдын өмүрү кыйылды, алардын көбү соңку апталарда каза болгондор. (RK)

Дагы караңыз

Министр Кыргызстанда курууну пландап жаткан АЭС боюнча маалымат бердиТөкмө акын Темирбек: Маданият айдыңы, майдаланды бардыгы..."Өзбекстандык Жириновский". Ташкент оюндагысын Кадыровго айттырабы? ЖМК: Татарстанда жапырт мушташка катышкан мигранттар ичинде кыргызстандыктар да бар