Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:30

ЖМК: Татарстанда жапырт мушташка катышкан мигранттар ичинде кыргызстандыктар да бар


Мигранттар. Казан шаары, Татарстан. Архив. (Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок)
Мигранттар. Казан шаары, Татарстан. Архив. (Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок)

Татарстандын Нижнекамск шаарында чет элдик мигранттар катышкан эки жапырт мушташ боюнча эки кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу Татарстандын Ички иштер министрлиги маалымдады. Ага ылайык, мушташка жергиликтүү тургундар жана чет өлкөлөрдөн келген эмгек мигранттары катышкан.

Полиция жергиликтүү тургундардан 13 адам мушташка катышканы аныкталганын белгилеп, учурда аларды кармоо аракети жүрүп жатканын билдирди. Расмий маалыматта чет элдик мигранттардын жашаган жерлерине тинтүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында 33 адам түрдүү миграциялык мыйзам бузууларга шек саналып, полиция бөлүмүнө жеткирилген.

"Алардын ичинен 11 мигрант жапырт мушташка катышканы аныкталып, убактылуу камоочу жайга киргизилди. Алардын иши сотко жиберилди", - деп жазылган маалыматта.

Полиция мушташка катышкан мигранттар Орусиядан күчтөп чыгарыларын кошумчалаган.

Жергиликтүү басылмалар мушташка катышкандар арасында Кыргызстандан барган мигранттар да бар экенин жазышты. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги азырынча бул окуя тууралуу маалымат бере элек. "Азаттык" элчиликтин басма сөз кызматына комментарий сурап кайрылды.

Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) Консулдук департаментинин жетекчисинин орун басары Бакыт Кадыров 10-июнда Орусияда 411 миңден ашык кыргызстандык мигрант бар экенин айткан.

Орусиянын ИИМинин эсеби боюнча, 1-сентябрга карата 263 миңге жетпеген Кыргызстандын жараны ушул өлкөдө жүрөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG