Министр Кыргызстанда курууну пландап жаткан АЭС боюнча маалымат берди

Таалайбек Ибраев.

Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештеги “Элдик” депутаттык тобунун 4-октябрдагы жыйынында “Росатом” курууну пландап жаткан атомдук электр станция (АЭС) жөнүндө маалымат берди. Ибраев учурда АЭС курулуучу жер жана коомчулукка түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын айтты.

“Кошуна мамлекеттер бул боюнча активдүү киришип жатышат. Казакстанда атомдук электр станция курууга элдин колдоосу бар деп жатышат. Эми эртең референдумда көрөбүз. Биз былтыртан баштап “Росатом” менен Энергетика министрлиги меморандум түзгөнбүз. “Росатомдун” башкы директору Лихачёв менен жолуктук. Эң биринчи тапшырма АЭС куруу боюнча коомчулук менен иштөө болгон. Ал боюнча иштер жүрүп жатат. Азыр жерди тандоо иштери жүрүүдө. Ал жерде муздатуу үчүн суу анан электр энергиясына кошулуга ыңгайлуу болушу керек. Станция эки-үч жылда курула калбайт, беш-алты жылга барып салынат”, - деди Ибраев.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстанга атомдук электр станция керек экенин кошумчалады.

Май айында орусиялык “Прайм” басылмасы "Росатомдун" курамына кирген "Атомэнергопром" ишканасынын жылдык отчётуна таянып, "Росатом" корпорациясы Кыргызстанда жана Мьянмада курууну пландап жаткан чакан атомдук электр станциялардын (АЭС) баштапкы техникалык-экономикалык негиздемесин даярдаганын жазган.

Энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев быйыл 25-мартта Орусияда өткөн “Атомэкспо” форумунда Кыргызстан атомдук электр станциясын куруу боюнча “Росатом” менен келишим түзүү алдында турганын билдирген. Ал муну үчүн корпорациясынын алдындагы “Новавинд” деп аталган компания менен инвестициялык кызматташуу башталышы мүмкүндүгүн айткан.

Кыргыз өкмөтү "Росатом" менен бирге АЭС куруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү 2022-жылы январда баштаган жана чакан АЭСтерди куруу жаатында кызматташуу меморандумуна кол коюлган.

Казакстанда АЭС куруу маселесине байланыштуу референдум 6-октябрга белгиленгенин 2-сентябрда казак парламентинин эки палатасынын кошмо жыйынында сүйлөп жатып өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев жарыялаган. (TSh)

Дагы караңыз

ЖМК: Татарстанда жапырт мушташка катышкан мигранттар ичинде кыргызстандыктар да бар