"Жарандык активизмди жок кылууга багытталган". Варшавада "чет элдик өкүл" мыйзамы талкууланды

Иллюстрация

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун адам укуктарына арналган Варшавадагы жыйынында Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы, “чет элдик өкүл” тууралуу мыйзамдын кесепети сыяктуу маселе көтөрүлдү.

Жыйынга 57 мамлекеттен барган дипломаттар, жарандык коомдун өкүлдөрү, адам укуктары боюнча эксперттер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Польшанын баш калаасында өтүп жаткан он күндүк жыйында "Клооп Медианын" негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин Кыргызстанда журналисттик иликтөө жүргүзгөн медиа каражаттары бийликтин басым-кысымына дуушар болуп жатканын белгиледи.

“Бир катар эл аралык сыйлыктарга татыганыбызга карабастан, биздин уюмду Кыргызстан бийлиги бир кызыктай айыптоолордун, анын ичинде макалаларыбыз коомго психологиялык терс таасирин тийгизип, Борбор Азиядан миграцияга агылган адамдардын көбөйүшүнө шарт түзүп жатат деп айыптаган. Биз, албетте, өз ишибизди улантабыз. Тилекке каршы, бизге гана басым жасалып жаткан жери жок. Дагы бир иликтөөчү Temirov Live медиасы мындан да катаалыраак басымга туш болду”, - деген Тухтвашин аталган медианын 11 журналистинин камалышын жана алар үчүн прокуратура алты жыл сурап жатканын кошумчалады.

ЕККУнун жыйыны. Варшава

Дагы караңыз

11 журналист боюнча сот өкүмү 10-октябрда чыгат

Жогорку соттун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы 16-июлда “Клооп Медиа” коомдук фондун жоюу боюнча акыркы чечимин кабыл алды. Бул чечимди президент Садыр Жапаров комментарийлеп жатып, “Клооп Медиа” жабылганы тууралуу кабарды жалпыга маалымдоо каражаттарынан окуганын, Кыргызстанда сөз эркиндиги буга чейин да болгонун жана мындан ары да боло берерин айткан.

“Болгону чындыкты чындыктай айтып турса, ким болбосун баарын колдой беребиз. Анархия, ушак-айың, жалган маалыматтарды таратуу бул сөз эркиндиги эмес”, - деген президент 3-сентябрда “Кабар” улуттук агенттигине жарыяланган маегинде.

Президент Жапаров ага чейин да маектеринде “Клооп” баштаган сайттарга кайрылып, аларды “жалаң негатив жазып, инвесторлорду качырып жатат” деп айыптаган.

“Клооп Медиага” каршы кылмыш иши 2023-жылдын август айында Бишкек шаарынын прокуратурасы жазган арыздын негизинде козголгон. Анда “Клооп Медиа” маалымат каражаты катары каттоодон өтпөстөн, уставында жазылбаган ишмердүүлүк менен алектенгени белгиленген. Ошондой эле айыптоочу мекеме Кыргызстандагы бир катар көйгөйлөрдүн себеби катары “Клооп” басылмасын көрсөткөн. Маселен, Баткен облусундагы ички-тышкы миграция “Клооп” жарыялаган материалдардын таасири, кесепети катары көрсөтүлгөн. Ошондой эле прокуратура “Клооптун” материалдары жарандардын аң-сезимине жана ой жүгүртүүсүнө терс таасир этүүдө деп эсептеген. “Клооптун” жетекчилиги бул айыптарды абсурд катары мүнөздөгөн. Былтыр сентябрда “Клооп медианын” веб-сайты жабылган. Ал эми 2023-жылдын башында Бишкек райондук соту прокуратуранын “Клоопту” жоюу өтүнүчүн канааттандырып, быйыл жайда Жогорку сот бул чечимди колдоду.

Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар Кыргызстанда сөз эркиндиги кысымга кабылып жатканы боюнча байма-бай билдирүүлөрдү жасап, сөз эркиндигине басымды токтотууга бийликти чакырган. Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет.

“Клооп” соттун чечимдерине макул эмес экенин билдирип келет.

"Kлооп" 2008-жылдан бери иштейт. Басылма бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү, анын ичинде "Азаттык" жана OCCRP менен жасаган бир катары долбоорлору үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бажыдагы миллиондор: Карактоо жана калкалоо

Бул жолу Мальта төрагалык кылып жаткан он күндүк жыйын Европадагы коопсуздук жана келишим уюмуна мүчө бир катар мамлекеттерде демократиялык баалуулуктарга коркунуч жаралып, адам укуктарынын басмырланышы боюнча тынчсыздануучулар күчөп жаткан маалда өтүүдө.

Быйылкы конференция демократиялык башкаруу, адам укуктары жана коопсуздугу боюнча маселелерге арналды.

"Хьюман Райтс Уотч" (HRW) эл аралык укук коргоо уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча жетекчиси Хью Уильямсон Кыргызстанда былтыр кабыл алынган “чет элдик агент” мыйзамы тууралуу маселе көтөрдү.

"Грузия менен Кыргызстанда быйыл кабыл алынган “чет элдик агент” тууралуу мыйзамга каршы чыгалы. Анда эч кандай ачыктык жок жана жарандык активизмди желмогуз көрсөтүүгө жана толугу менен жок кылууга багытталган", - деди ал.

Жыйындын алкагында Кыргызстанда кабыл алынган “чет элдик өкүл” мыйзамынын медиага тийгизген таасири тууралуу өз алдынча жабык сессия өттү. Ага Журналисттерди коргоо комитетинин Европа жана Борбор Азия боюнча программасынын координатору Гульноза Саид, иликтөөчү журналист Болот Темиров жана башкалар катышты.

Президент Жапаров "чет элдик өкүл" катары белгилүү болгон “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” талаштуу мыйзамга 2-апрелде кол койгон. Бир катар эл аралык уюмдар, бир нече өлкөлөрдөн 30дан ашуун жарандык бейөкмөт уюмдар, АКШ баштаган Европа өлкөлөрүнүн элчиликтери мыйзамдын кабыл алынышына тынчсыздануусун билдирген. Мамлекет башчы “өкмөттүк эмес уюмдарга куугунтук болбойт" деп билдирген.

ЕККУнун адам укуктарына арналган жылдык жыйынына Орусиянын, Беларустан жана Тажикстандын өкүлдөрү катышкан эмес. Быйыл да Орусия менен Беларустун өкүлдөрү келген жок.

Казакстандык укук коргоочулар киши колдуу болгон казакстандык журналист Айдос Садыковдун өлүмү боюнча маселени көтөрүштү.