Садыр Жапаров Римде Италиянын президенти менен жолугушту

Садыр Жапаров менен Сержо Маттарелла. 3-октябрь, Рим шаары, Италия.

Президент Садыр Жапаров Римге расмий сапарынын алкагында Италиянын президенти Сержо Маттарелла менен жолугушту. Кыргызстандын мамлекет башчысынын сайтына жарыялангандай, Жапаров бул окуяны эки өлкө ортосундагы соңку 25 жылдагы биринчи жогорку деңгээлдеги жолугушуу деп мүнөздөгөн.

Жапаров эки өлкөнүн алакасы буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун багыты боюнча тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде гана болуп келгенин айткан. Ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн чоң потенциал бар экенин белгилеген.

“Садыр Жапаров Кыргызстандын ушул жылдын июнь айында Брюсселде Европа Биримдиги менен кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюусу - Европа Биримдиги өлкөлөрү, анын ичинде Италия менен саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгиледи”, - деп жазылган маалыматта.

Жолугушууда Жапаров “Кыргызстан демократиялык жана укуктук мамлекет катары мындан ары да өнүгүүгө ниеттенип жатканын” айткан. Өлкөдө либералдуу салык режими иштеп жатканын, президент катары жарандар жана чет өлкөлүктөр үчүн коопсуз өлкөгө айлантуу аракетин билдирген.

Тараптар эл аралык актуалдуу маселелер тууралуу пикир алмашты. Президент Жапаров Маттарелланы өзүнө ыңгайлуу учурда Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Жапаров 2-октябрь күнү Италияга расмий сапар менен барган. Анын алкагында Италиянын президенти Сержо Маттарелла, Министрлер кеңешинин төрайымы Жоржиа Мелони, Депутаттар палатасынын төрагасы Лоренцо Фонтана жана Сенаттын төрагасы Иньяцио Ла Русса менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.

Сапардын жүрүшүндө Жапаров Ватиканга барары да маалымдалган.

4-октябрь күнү мамлекет башчынын Рим Папасы Франциск менен жолугушуусу болот.

Дагы караңыз

Украина Орусиянын дрон чабуулуна 15 облусу кабылганын билдирдиУКМК Бишкекте милиция кызматкерлери пара менен кармалганын билдирдиАйдос Садыковдун өлүмү боюнча маселе ЕККУ конференциясында көтөрүлдүКыргызстанда Азык-түлүк коопсуздугу боюнча илимий борбор түзүлдү