"Манас" университетинин окутуучуларынын нааразылыгы парламентте айтылды

Кыргыз-Түрк "Манас" университети.

Жогорку Кеңештин 3-октябрдагы жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо Бишкектеги Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде айрым мыйзамдар аткарылбай жатканы кайрылуу түшкөнүн айтып чыкты. Бул боюнча Билим берүү жана илим министрлиги, Тышкы иштер министрлиги иш алып барып, окуу жайдын ишмердигин текшерүүнү сунуштады.

“Тезинен окуу жайга барып, көзөмөлгө алуу керек. Бул жерде мыкты профессорлор, окутуучулар сабак берет жана биздин студенттер билим алышат. Алардын келечегине балта чабылып калбасын”, - деди Самыйкожо.

20-сентябрда “Манас” университетинин бир катар окутуучулары Башкы прокуратурага кат жолдогону белгилүү болду. Анда окуу жайдын уставы Кыргызстандын мыйзамдарына, укуктук нормаларга каршы келери, бөлүм башчылык кызмат үчүн жаштык чектөөлөр бар экени, профессордук-окутуучулук курамдын эмгек келишимин түзүү процедурасы да так көрсөтүлбөгөнү, жумуш берүүчүнүн ыйгарым укуктарынан аша чабууга шарт түзүлүп калганы жазылган.

Университет ачылгандан бери бир жылдык эмгек келишимин түзүп келе жатканы мыйзамга каршы келери, окутуучулардын Конституция берген укуктары бузулуп жатканы белгиленген.

“Университетте окутуучуларды конкурстун негизинде тандоо талабы толук аткарылбай, профессордук-окутуучулар курамынын укуктары одоно бузулуп, конкурстук негизде ишке орношуу аткарылбай келе жатат. Бул жагдай бир жагынан сапаттуу билим берүүгө оор доо келтирсе, экинчи жагынан, окутуучулардын укугун одоно бузуп, Университет туруктуу иш орду менен камсыз кылуу милдетин аткарбай, коррупциялык схеманын иштешине жакшы шарт түзүп жатат”, - деп жазылган кайрылууда.

70 жашка чыккан окутуучулар жумуштан бошотулуп, бир ставкалык окуу жүктөмү 0,5ке которулуп жатканын, мындай чечим “жаш куракка карата кодулоо, басмырлоо” экени белгиленип, Эмгек кодексине каршы келерин жазышкан.

Кайрылууда айтылган дооматтар тууралуу Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жетекчилиги комментарий бере элек.

Кыргыз-Түрк "Манас" университети 1995-жылы ачылган. Окуу жайды толугу менен түрк өкмөтү каржылайт. Окуу жайдын сайтындагы маалымат боюнча беш миңге чукул улан-кыз акысыз билим алат жана алардын басымдуу бөлүгү Кыргызстандын жарандары. (TAb)

Дагы караңыз

11 журналист боюнча сот өкүмү 10-октябрда чыгатПрезидент Жапаровдун карындашына байланышы бар Сабырбековдордун абактагы мөөнөтү узартылдыЭл аралык мунапыс уюму 11 журналистти актоого чакырды11 журналисттин иши боюнча сотко кабарчылар кирбей калды