Президент Жапаровдун карындашына байланышы бар Сабырбековдордун абактагы мөөнөтү узартылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Биринчи май райондук соту 1-октябрдагы чечими менен президент Садыр Жапаровдун инисинин кызы Лаззат Нургожоеванын жигити Афтандил Сабырбековдун тергөө абагындагы мөөнөтүн 3-декабрга чейин узартты. Бул тууралуу райондук соттун кеңсе кызматы маалымдады.

Ушул эле күнү анын агасы Тариэл Сабырбековдун да абактагы мөөнөтү узартылган.

Сабырбековдорго Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен айып коюлуп жатат.

Афтандил Сабырбековдун баңгизат ишине байланыштуу кармалганы тууралуу маалыматтар 9-июлда тараган.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов бул сөздөрдү 10-июлда ырастап, “Афтандил Сабырбеков мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу үчүн жогорку бийликтегилерден калкалоочу адамдарды (“крыша”) табууну аракет кылган” деп билдирди.

Лаззат Нургожоева президент Садыр Жапаровдун инисинин кызы. Ал 2020-жылы Кыргызстанда сулуулар сынагында биринчи орунду жеңип алган.

Афтандил Сабырбековдун жакындары менен адвокаттары акыркы окуялар боюнча комментарий бере элек. (ZKo)

Дагы караңыз

Кыргызстанда сөөк чучугун алмаштырууга даярдык башталдыОн бир журналисттин иши: сот отуруму жылды, эл аралык уюм кыргыз бийлигине кайрылды11 журналист боюнча сот өкүмү 10-октябрда чыгатКыргызстандыктарды чет өлкөгө жумушка орноштурган эки компаниянын ишине тыюу салындыКыргызстан Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүн согушту толук токтотууга чакырды