Эл аралык мунапыс уюму 11 журналисттен негизсиз айыптоону алып салууга чакырды

Соту болуп жаткан 11 журналист. "Азаттыктын" коллажы.

Эл аралык мунапыс уюму (Amnesty International) Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорунун 11 журналистине күтүлүп жаткан сот өкүмүн утурлай билдирүү таратып, Кыргызстандын бийлигинен алардын баарын актоого чакырды.

Уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча жетекчисинин милдетин аткаруучу Денис Кривошеев журналисттерге тагылган айыптарды сөз эркиндигин басмырлоо аракети деп баалады:

"Бул айыптоолор - саясий негизде сөз эркиндигин кысуу жана журналисттерди жасаган иши үчүн жазалоо аракети. Биз дагы бир жолу Кыргызстандын бийлигин бардык журналисттерди бошотуп, алардан негизсиз айыптоолорду алып салууга чакырабыз. Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорунун жана башка бардык журналисттер эркин жана коопсуз иштеши керек".

Уюмдун билдирүүсүндө 11 журналист YouTube каналында коррупция тууралуу материалдар түрмөгүн жарыялаганы, жыйынтыгында кылмыш жоопкерчилигине тартылып, прокуратура алардын ар бирин алты жылдан камоону соттон сураганы жазылган.

Бүгүн, 3-октябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда “Айт, айт десе” жана Temirov Live долбоорлорунун, “Арча Медиа” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 журналистинин иши каралып жатат. Бул күнкү отурумда айыпталуучулар акыркы сөзүн сүйлөшөрү жана өкүм чыгары кабарланган.

Буга чейинки отурумда прокуратура жапырт башаламандыкка айыпталган 11 журналисттин ар бирин алты жылдан абакка кесүүнү сураган. Адвокаттар жана айыпталуучулар прокуратуранын айыптоосун четке кагып, аларды актоону талап кылышкан.

Президент Садыр Жапаров 28-сентябрда "Кабар" агенттигине маек куруп, Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин белгилеген. Жапаров: "Ал эми "11 журналист" дегениң боюнча. Алардын экөөсү гана журналист экен го. Калганы 11-класс билими барлар дешти. Аларга тигилер анча-мынча акча төлөп коюп социалдык түйүндөргө олтургузуп алышып жалган маалыматтарды, элди дүрбөлөңгө чакырган жасалма материалдарды тараттырып атышканын кантип танышат", деген.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

Ушул тапта төрт журналист - Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева камакта жатат.

Temirov Live редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулу, Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков, “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана “ПолитКлиниканын” журналисти Тыныстан Асыпбеков эркиндикке чыккан.

ИИМ “Айт, айт десе” жана Temirov Live баракчаларындагы материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Иш козголгон журналисттер коюлган айыпты четке кагып келет. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда. (ZKo)

Дагы караңыз

Он бир журналисттин иши: сот отуруму жылды, эл аралык уюм кыргыз бийлигине кайрылды11 журналисттин иши боюнча сотко кабарчылар кирбей калдыКыргызстандыктарды чет өлкөгө жумушка орноштурган эки компаниянын ишине тыюу салындыКыргызстан Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүн согушту толук токтотууга чакырды"Ойноп жаткан балам ооруп калды". Рак тооруган балалык