Кыргызстандыктарды чет өлкөгө жумушка орноштурган эки компаниянын ишине тыюу салынды

Чет өлкөдө сезондук иштерге баргандар. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын жарандарын Болгария, Литва жана Орусияга ишке жайгаштыруу менен алектенген эки компаниянын ишине тыюу салынды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.

Ага ылайык, 2-октбярда аталган министрликтин алдындагы Жарандарды чет өлкөгө ишке жайгаштыруу борбору бул иш менен алектенген жана алектенүүгө уруксат сурап кайрылган жеке агенттиктердин өтүнүчтөрүн карады.

Жыйынтыгында "ИЛЦ" (Болгария), "Эдикейшн плюс" (Литва), "Манхеттен Ворк" (Орусия) жана "ЭРА-Тревел" (Орусия) ишканаларына бул өлкөлөргө кыргызстандыктарды ишке жиберүүсүнө тыюу салынды.

Ал эми "Эксой" жана "Айя-София" агенттиктеринин уруксат кагазы жокко чыгарылды.

Кыргызстандын жарандарын АКШга, Европа өлкөлөрүнө жумушка жөнөтүүнү убада кылып, ондогон адамдын акчасын алгандан кийин из жашырып кеткен агенттиктердин үстүнөн жарандар милицияга кайрылган фактылар бар.

ИИМдин маалыматында, быйыл үч ай ичинде Мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу беренеси менен 59 факт катталган. Бул беренеге ылайык, айыпталуучу мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.

Расмий маалыматка караганда, ушул убакка чейин Кыргызстанда жарандарга чет өлкөлөрдө жумуш таап берип, жөнөтүү менен алектенген лицензиясы бар 160тан ашуун компания иштеп келген. Алар 26 өлкө менен байланышып, суроо-талапка жараша жумушчуларды жөнөтөт. Ошол эле учурда лицензиясыз иштеген фирмалар да бар.

Чет өлкөдө жумуш таап берүүнү убадалаган компанияларга алданып калган жарандардын маселеси буга чейин парламентте да көтөрүлгөн.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги чет өлкөдө жумушка орношууда кыйынчылыктарга дуушар болгон жарандар +996 559 189 900 (WhatsApp) ишеним телефонуна чалып, юридикалык жана консультациялык жардам алышарын билдирүүдө.(ZKo)

Дагы караңыз

Орусия: Өтмүштөгү “англосакс” сөзүнүн путинчилердин тушундагы жаңыча саясий жүгүМайыптыгы барларга акысыз өнөр үйрөткөн Базарбү апа Иран чабуулду токтотту. Израил жооп болорун эскертти Орусия: Соту жүрүп жаткан жаран согушка барууга макул болсо иши токтотулат