Газада Израилдин соккусунан дагы 51 киши каза болгону кабарланды

Газа.

Газа секторунда Израилдин соңку соккуларынан дагы ондогон кишинин өмүрү кыйылганын 2-октябрда ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) көзөмөлдөгөн бул анклавдын саламаттык сактоо мекемеси кабарлады.

AP маалымат агенттиги билдиргендей, сектордун түштүк тилкесиндеги катуу талкаланган Хан-Юнис шаарында Израилдин жердеги операциясынын натыйжасында бир суткада кеминде 51 адам каза болду, 82 адам жараат алды. Өмүрү кыйылгандардын арасында аялдар жана 12 бала бар, балдардын эң кичүүсү эки жашка чыга элек наристе болчу.

Израил соңку апталарда ХАМАСтын союздашы, Ливандын түштүк райондорун көзөмөлдөгөн, Иран колдогон "Хезболла" жоочулар тобуна каршы күрөшүн күчөтүүдө. 27-сентябрда Бейрутка жасалган аба соккусунан аталган топтун лидери Хасан Насралла өлтүрүлгөн. 1-октябрда Иран Израилдин аймагын бутага алып, 180дей баллистикалык ракета учурган.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу Газа тилкесинен Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон. Израил октябрдагы бул кандуу окуядан кийин Газа тилкесине чабуул баштаган. Газанын саламаттык сактоо мекемеси кабарлагандай, согуш жүрүп жаткан бир жылдан бери тилкеде каза тапкандардын саны 41 миңден, жараат алгандар 95 миңден ашты. (RK)

Дагы караңыз

Украина Угледар шаарындагы аскерлерин чыгарып кеткенин ырастады Иран ракета менен аткылады, Израил жооп болорун эскертти Ош: Тамыры кесилгени айтылган судья ооруканага түштү Коррупциядан түшкөн каражатты легалдаштырууга тыюу салуу сунушталды