Коррупциядан түшкөн каражатты легалдаштырууга тыюу салуу сунушталды

Иллюстрация.

Министрлер кабинети “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизип, коррупциядан жана акча адалдоодон түшкөн каражаттарды легалдаштырууга тыюу салууну сунуштады. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Документтин негиздеме-маалымкатында мындай өзгөртүү мыйзамды эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү максатында сунушталганы жазылган.

Долбоордо кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), коррупция, пара алуу, пара талап кылуу, пара алууда ортомчулук кылуу менен алынган каражатты легалдаштырууга тыюу салуу сунушталып жатат.

“Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбоору былтыр кабыл алынган. Жарандардын жашырган мүлкүн легалдаштырууга жол ачкан мыйзам парламентте талаш-тартыш менен өткөн.

Президент Садыр Жапаров буга чейин үлгү катары өзү да мүлкүн мыйзамдаштырганын айткан. Ал Бишкектин Киев жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги имараттын сүрөтүн жарыялап, бул жана башка имараттары мурда башкаларга жазылганын, эми мыйзам чегинде өзүнө каттатканын билдирген. Президент мүлкүнүн баасын 20 миллион доллардын тегереги деп баалаган.

Мыйзамга июнь айында өзгөртүү киргизилип, жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу үчүн берилген мөөнөт 2024-жылдын соңуна чейин узартылган.

Министрлер кабинетинин апрель айынын башындагы маалыматында, Кыргызстанда 2 139 адам декларация толтуруп, активдерин легалдаштырды. Анын ичинен 66 адамдын мүлкүнүн баасы 100 млн сомдон ашып, 1 млн сом өлчөмүндө бир жолку салык төлөгөн. Андан бери расмий маалымат бериле элек. (TAb)

Дагы караңыз

12 миң доллар пара алууга шектелип камалган судья акталганы белгилүү болду Украина Угледар шаарындагы аскерлерин чыгарып кеткенин ырастады Абакта отурган айрым жарандарды жылына бир жолу үйүнө жиберүү сунушталуудаГрузия президенти ЛГБТга каршы мыйзамга кол коюудан баш тартты