Акылбек Жапаров Мохаммад Реза Ареф менен жолугушту

Акылбек Жапаров жана Мохаммад Реза Ареф. Ереван. 1-октябрь, 2024-жыл.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Ареф менен жолугушту.

Өкмөт башчынын сайтындагы маалыматында, жолугушуу 1-октябрда Ереванда өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында болду.

"Тараптар эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык чөйрөдө, транспорт жана логистика тармагында өз ара аракеттенүүнүн жана кызматташуунун келечегин талкуулашты", - деп жазылган анда.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Арменияга иш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышты. Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушту.(ZKo)

Дагы караңыз

Кыргызстандан аркардын уругун жашыруун ташыган АКШ жараны кесилдиФранция АКШнын кызыкчылыгын Ирандан коргоого даярдыгын билдирдиОрусия: Өтмүштөгү “англосакс” сөзүнүн путинчилердин тушундагы жаңыча саясий жүгүИран Израилди баллистикалык ракеталар менен аткылады