Өкмөттүн санариптештирүү ишине сын айтылды

Калкты тейлөө борбору. Архив.

Жогорку Кеңештеги Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин 1-октябрдагы жыйынында өлкөдөгү санариптештирүү ишине сын-пикирлер айтылды. Депутат Бакыт Сыдыков айрым министрликтер санариптештирүүдөн артта калып жатканын, мунун айынан калкка кызмат көрсөтүүдө мүчүлүштүктөр бар экенин билдирди.

“Эксперттердин айтымында, бардык министрликтерди санариптештирүүгө өткөрсөк, 3-6 миллиард сом үнөмдөсөк болот экен. Бардык эле ооруканаларга барсаң, баягы эле каттоо кагазы, бейтаптын китепчеси дегендер бар. Ушул санариптештирүүбү? Ушунун баарын бир чипке киргизип, ошол жерден бардык маалыматты таба тургандай система кылсак болот да”, - деди Сыдыков.

Депутат Санариптик өнүктүрүү министрлигине бюджеттен бөлүнгөн каражат да аз экенин белгиледи.

Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева мамлекеттик органдарда санариптештирүү үчүн буга чейин жылына 500 миллион сомдон бөлүнүп келгенин, быйыл 600 миллион бөлүнгөнүн, келерки жылга 800 миллион бөлүү пландалып жатканын маалымдады.

Эсеп палатасынын аудитору Вадим Садовников Финансы министрлиги санариптештирүү үчүн жетиштүү көлөмдөгү каражатты бөлүп бергенин, Санариптик өнүктүрүү министрлиги аны толугу менен өздөштүрө албай жатканын айтты.

“Санариптик өнүктүрүү министрлиги 2023-жылы 200 миллион сомду кайтарып берген. Бул каражатты толугу менен өздөштүрбөгөнүнө байланыштуу болгон. Анын 100 миллиону министрликтин өзүнө бөлүнгөн акча болгон. Ошол себептүү министрлик тарабынан санариптештирүү иши солгун жүрүп жатат десе болот”, - деди Садовников.

Кыргызстанда соңку 4-5 жылдан бери санариптештирүүгө аракеттер жүрүп келет. 2019-жыл Кыргызстанда “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү”, ал эми 2020-жыл “Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы” деп жарыяланган.

2022-жылы президент Садыр Жапаров бардык министрликтерди санариптештирүү боюнча талаптарды аткарууга үндөп, аны аткарбаган жетекчилер кызматтан алына турганын эскерткен. (TAb)

Дагы караңыз

Сот Эркин Мамбеталиевди 5-декабрга чейин камакта калтырдыАлматы: АЭС боюнча референдумду утурлай 10дон ашык активистке иш козголдуАКШнын 39-президенти Жимми Картер 100 жылдыгын белгилеп жатат Кыргызстан күз-кыш мезгилинде 3 млрд 900 млн кВт/саат электр жарыгын сатып алат