Сот Эркин Мамбеталиевди 5-декабрга чейин камакта калтырды

Эркин Мамбеталиев

Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык соту 27-сентябрда кримтөбөл делген Эркин Мамбеталиевдин бөгөт чарасын карап, аны 5-декабрга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматы 1-октябрда кабарлады.

Маалыматка караганда, Мамбеталиевдин камактагы мөөнөтүн узартуу боюнча атайын кызматтын тергөөчүсү өтүнүч келтирип, ал канаттандырылган.

Эркин Мамбеталиевди 8-августта Бишкектин көчөлөрүнүн биринде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери кармаганы кабарланган.

Атайын кызмат 25-сентябрда Мамбеталиев баасы 5 миллион 716 миң 307 АКШ долларына (489 миллион 886 миң сомго) бааланган бир катар мүлкүн мамлекетке өткөрүп бергенин билдирген.

Эркин Мамбеталиев - Кыргызстандын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деген шек менен оор кылмыштарга айыпталып, өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган. Бир нече жолу абактан бошоп чыккан.

Анын адвокаттары, жакындары комментарий бере элек. (MKt)

Дагы караңыз

Кыргызстан күз-кыш мезгилинде 3 млрд 900 млн кВт/саат электр жарыгын сатып алатАКШнын 39-президенти Жимми Картер 100 жылдыгын белгилеп жатат Шаардык жана айылдык кеңеш депутаттарынын саны бекитилди